«Коопсуз шаар» көчмө аппараттык-программалык комплексин сүзүп кулаткан скутердин айдоочусу кармалды

2020-жылдын 28-августунда Ысык-Ата районунун Новопокровка айылында «Бишкек-Кант» унаажолунун 11-чакырымында белгисиз скутер айдоочусу «Коопсуз шаар» көчмө аппараттык-программалык комплексин кулатып, андан кийин белгисиз тарапка кетип калган.
Бул окуя Ысык-Ата РИИБде кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин «Бөтөн мүлктү жок кылуу же бузуу» 210-беренесинин 1-бөлүгү менен сотко чейинки өндүрүшү башталды.
Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери, Ысык-Ата РИИБнин МКК кызматкерлери менен биргеликте, ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө скутердин айдоочусун аныктап, 55 жаштагы К.К. кармалып тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.
Сузуки скутеринин айдоочусу К.К. өз сөзүндө 2020-жылдын 28-августунда Ала-Тоо совхозунан батарея сатып алуу үчүн Аламүдүн базарына скутери менен бара жатып, Новопокровка айылында үч буттуу камера бар экендигин көрүп, аны өтүп бара жатып колу менен түртүп жыгып, андан ары айдап кеткенин айткан. Ал кылган ишине өкүнүп, коомчулуктан кечирим сурайт.
Жаран К.К. таандык каттоо номерлери жок «Сузуки» скутери Кант шаарынын айып унаа токтотуучу жайына коюлган.
Учурда «Коопсуз шаар» аппараттык-программалык комплексине келтирилген чыгымдын наркын аныктоо үчүн бардык тийиштүү экспертизалар дайындалды. Экспертизанын жыйынтыгы боюнча, материалдык чыгымдар келтирилген адам тарабынан калыбына келтирилет.