ИИМдин ЖКККББ жол кыймылынын катышуучуларына кайрылат!!!

Урматтуу жол кыймылынын катышуучулары!

Ар бирибизге маалым болгондой учурда пандемия кырдаалына карабастан республика аймагында жол унаа кырсыктары күн санап болууда. Бул жол кырсыктарга дуушар болгон жарандардын жана каза болгондордун үй-бүлөсүнө эле эмес, жалпы коомчулуктун чоң жоготуусу болууда.

Жол кырсыктарын алдын алуу маселеси: 5 негизги фактордон куралат.

- Айдоочулардын кесипкөйлүгү жана тартиби;

- Унаа каражаттарынын техникалык абалы;

- Жол инфраструктурасынын талапка дал келүүсү;

- Жол кыймылынын катышуучуларынын (жөө жүргүнчү, велосипед айдоочу ж.б.) тартиби;

- Мамлекеттик жана башка мекемелердин жетекчилеринин жана кызматкерлеринин жоопкерчилиги.

Жол кырсыктарынын болуусу жол эрежелеринин одоно бузулушунан экендиги баарыбызга белгилүү; ылдамдык, ашып өтүү, карама-каршы тилкеге чыгуу, аралыкты сактоо, жөө адамдар өтүүчү жайлардан туура эмес өтүү, спирт ичимдигин жана баңгизаттарды колдонуп алып унаа башкаруу… айтор жол кырсыктарынын себептери санап отурсак көп. Ошол эле учурда бир эле айдоочулар эмес, жөө жүргүнчүлөр жана башка жол кыймылынын катышуучуларынын күнөөсү дагы жок эмес. Ошондой эле кырсыкка жолдордун абалы дагы сөзсүз таасирин берет.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын эле күчү аркылуу жол кырсыктары менен күрөшсө болот деп ойлогон айрым жарандарыбыздын пикири-бул жаңылыштык. Жол кырсыктарына каршы туруу жалпы коомчулуктун жана ар бир жол кыймылынын катуучусунун милдети. Жол коопсузудугунун сакталышынын негизи — бул ар бир жол кыймылынын катышуучусу, айдоочулар менен жөө жүргүнчүлөрдүн жоопкерчилиги, өздөрүнүн жана башкалардын ден-соолугун жана өмүрүн сактоого болгон аракети негиз.

Жолдор жана транспорт министирлигинин, жолдорду эксплуатациялоо жана муниципалдык кызматтардын ишканаларынын иштери дагы жол кырсыктарын алдын алууда аябай маанилүү. Жолдор жана көчөлөрдүн абалын сактоо, жол коопсуздугу, жарандар үчүн кам көрүү боюнча убагында стратегиялык чечим кабыл алуу менен жол кырсыктарынын болбошуна чоң өбөлгө түзө алышат.

Адамдардын өмүрүн жана ден-соолугун сактоодо билим берүү жана маданият, коомдук уюмдар жана бирикмелердин түшүндүрүү иштери да зор мааниге ээ. Бул максатка айдоочуларды даярдаган, жаш айдоочуларды тарбиялаган, керектүү кесиптик сапаттарды, мыйзамды сыйлоону, башкаларга карата сылыктыкты жана сабырдуулукту камтыган институттар кириши керек.

Жол кыймылынын эрежеси –бул жашоо!

Ар бир жол кыймылынын катышуучусу, жарандардын, анын ичинде жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугу жөнүндө ойлонуп, жолдо ар кандай коркунуч жана кырсык болуп калаарын алдын ала түшүнүп, өзү-өзүнө ишенбестен, адам баласы баардык жерде аң-сезимдүү болуш керек экенин эске алып, өзүн жана айлана чөйрөдөгү коопсуздукка көңүл буруу керек.

Ар бир жаран мына ушуларды ойлонсо, туура кабыл алып, турмушунда колдонсо биздин жолдордо коопсуздук орун алат.