ЖОЛ КЫЙМЫЛЫНЫН ЭРЕЖЕЛЕРИН САКТОО БОЮНЧА АТА-ЭНЕЛЕРГЕ СУНУШ

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылын камсыздоо башкы башкармалыгы 2020-2021-жаңы окуу жылынын башталышы менен ата-энелерге эскертүү менен төмөнкү эрежелерди сактоосун сунуштайт:

• Балаңыз менен көчөгө чыкканда, баланын колун бекем кармаңыздар!

• Жолдо тротуар же атайын жөө адамдар өтүүчү жерлер менен гана жүрүңүз, жолдун оң жак тарабы менен, мүнкүнчүлүк жок болсо, жолдун сол тарабы менен унаа каттамына карама-каршы карай баскыла. Мындай шартта унаа айдоочулар сизди, сиздер унааны көрүп турууга мүмкүнчүлүк берүү менен коопсуздук сакталат.

• Жол тилкесин жашыл жол чырагынын түсүндө же жөө адамдар өтүүчү жерлерден гана кесип өтүңүздөр.

• Эгер унаа алыс болсо дагы - келе жаткан унаага чейинки аралыкты туура эсептеп, мүнкүнчүлүгүңүздү караңыз. Эсиңерде болсун, унаа тез токтой албайт. Ошондуктан унаанын алдынан өтпөй, күтүп турганыңыздар туура.

• Жаш өспүрүмдөр күтүлбөгөн жерден жолго чыгып кетүүсүн алдын алуу үчүн, унаадан биринчи улуу адамдар чыгып андан соң балдарды чыгаруу керек!

• Автобустан түшкөндө, дароо жолдон өтүп кетүүгө аракет кылбаңыз. Автобустун кетүүсүн күтө туруңуз, ошондо жолдун эки тарабы тең көрүнөт. Автобусту алдынан да, артынан да айланып өтүү кооптуу экендигин унутпаңыз, анткени ал жерден дагы бир башка унаа чыгып калышы мүмкүн.

• Ыңгайсыз аба ырайы болгон (жаан, кар, муз, туман) учурунда жолду кесип өтүү өзгөчө көңүл бурууну талап кылат, анткени аба ырайынын кесепетинен көрүү мүмкүнчүлүгү төмөндөйт, айрыкча көтөрүлгөн  жакка же кол чатыр жана башкалар тоскоолдук жаратышы мүмкүн. Кийип жүргөн кийим балдарга жолдун көрүнүшүнө тоскоол болбошу керек!

• Эгер сиз балаңызга велосипед, самокат ж.б.у.с оокаттарды сатып алсаңыз, алгач жол эрежесин бирге жүрүп үйрөнүп, атайын велосипед тебүүчү, жабык аймакта жүрүүнү үйрөнүңүз. Жаш өспүрүмдөргө жолго велосипед тээп чыгуу 14 жаштан баштап уруксат берилээрин унутпаңыз.

• Жол эрежесине ылайык 12 жашка чейинки жаш өспүрүмдөрдү автоунааларда ташууда сөзсүз түрдө атайын балдарды коргоочу жабдыктарды, атайын отургучтарды колдонуңуздар, бул жол кырсыгында  жаракат алуу коркунучун жана кырсыктын кесепеттеринин оордугун бир кыйла төмөндөтөт.

• Балдарды жолдо кароосуз калтырбаңыз! Ал эми жеткинчек класстардын окуучулары менен, жолдогу коопсуздукту үйрөнүү үчүн алгач мектептен үйгө чейинки жолду бир нече жолу басып өтүү керек.

Балдар жол мыйзамын сиздерди көрүп, сиздерден тарбия алат – ата-эне. Сиздер көчөдөгү маданиятуулугуңүз жана жол кыймылынын эрежелерин так сактоо менен балдардын ден соолугун жана өмүрүн сактап калууда зор салымыңыздарды кошосуздар!