Ош шаары боюнча Милициянын кайгуул кызматы бөлүмүнө талапкерлерди тандоо үчүн тестирлөө жана дене-тарбия даярдыгы боюнча нормативдерди тапшыруу сынагы жыйынтыкталды

2020-жылдын 13 август күнү Ош шаарында, Ош шаардык ИИБы боюнча Милициянын кайгуул кызматы бөлүмү түзүлүп жатканына байланыштуу, буга чейин жарыяланган сынакка ылайык 219 кызматтык бош орунга 497 талапкер өз арыздарын жана билдирмелерин тапшырышкан, алардын ичинен 264 буга чейин ички иштер органдарында иштебеген улан кыздар. Тестирлөөгө 471 талапкер жолдомо алып, алардын ичинен 378 талапкер билим берүү жана усулдук окууга баа берүү борбору өткөргөн тестирлөөгө 310 талапкер катышып, 67 талапкер өтпөй калышкан. Ушул эле жылдын 17 жана 18-август күндөрү А.Сүйүнбаев атындагы Ош шаарынын борбордук стадионунда талапкерлер дене-тарбия боюнча өз күчүн сынашты. Эки күн ичинде жолдомо алган талапкерлер өз жаштарына жараша дене-тарбия боюнча сынак тапшырышты, 315 талапкерлердин ичинен 8 талапкер келген жок. Ал эми 159 талапкер дене-тарбия сынагын ийгиликтүү тапшырышып, 148 талапкер өтпөй калышты. Сынактын шартына ылайык 2020-жылдын 20 жана 21-август күндөрү, саат 08.00 баштап, Ош шаары, Алиев көчөсү № 159 дареги боюнча, Ош шаары боюнча КР ИИМдин республикалык окуу борборунын имаратында буга чейинки сынактын этаптарынан ийгиликтүү өткөн 159 талапкерлер маектешүүдөн өтүшөт. 2020-жылдын 20-август күнү: - саат 08.00 Ош ШИИБы боюнча милициянын кайгуул кызматынын кенже жетектөөчү курамдына талапкерлер; - саат 14.00 Ош ШИИБы боюнча милициянын кайгуул кызматынын орто жетектөөчү курамдына талапкерлер; (аппараттын кызматкерлери, взводдун жана батальондун командирлеринен тышкары) 2020-жылдын 21-август күнү: - саат 08.00 Ош ШИИБы боюнча милициянын кайгуул кызматынын жетектөөчү курамдына талапкерлер; (аппараттын кызматкерлери, взводдун жана батальондун командирлери) Денетарбия боюнча сынактын жыйынтыгы менен талапкерлер «www.guobdd.kg» расмий сайтынан жана жалпыга маалымдоо каражаттарынан тааныша алат. Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББы талапкерлерди жогорудагы дарек боюнча кечикпестен эртең мененки саат 07:30га кечигүүсүз келүүнү суранат. Талапкерлерде өздүгүн тактоочу документтери болушу шарт.