ОШ ШААРЫНДА МИЛИЦИЯНЫН КАЙГУУЛ КЫЗМАТЫ БӨЛҮМҮНӨ СЫНАККА КАТЫШУУЧУЛАРДЫН ДОКУМЕНТТЕРИ АЛЫНА БАШТАДЫ.

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбековдун «Ош шаарында жана облустук борборлордо «Кайгуул милиция долбоорун ишке ашыруу жөнүндө» протоколдук тапшырмасын жана Кыргыз Республикасынын ИИМдин «Кыргыз Республикасынын ИИМдин иш-чаралардын мерчемин бекитүү жөнүндө» буюрмасын аткаруу максатында Ош ш. жана республиканын аймактарында коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча пилоттук долбоордо Милициянын кайгуул кызматынын түзүмдөрүнүн штаттык эсебинин структуралары түзүлүп берилген.
Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖККББнын «Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын Ош ш. ИИБ боюнча Милициянын кайгуул кызматынын бөлүмүнүн курамындагы кызмат орундарын толтуруу боюнча конкурс өткөрүү» буйругун аткаруу максатында, 2020-ж.  16-мартынан тарта, Ош ш. ИИБ боюнча МКК бөлүмүнүн 219 кызмат ордуна сынак жарыяланган.
Республиканын жарандарынын  ичинен CoVID-19 вирустук инфекциясын жугузуп алуу фактыларынын аныкталганына, 2020-ж. 25-мартынан жарандардын конкурска арыз менен кайрылуусуна белгилүү кыйынчылыктар жаралдыгына байланыштуу, конкурстук иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү боюнча иштер убактылуу токтотулган.
2020-жылдын 5-июнунан баштап сынак өткөрүү боюнча иш-чаралар улантылып, талапкерлердин документтери кабыл алынууда.
Конкурс жарыяланган күндөн тарта, бүгүнкү күндө 219 кызмат ордуна  жалпы 202 адам арыз жана билдирме менен кайрылган, анын ичинен: Ош ш. ИИБ б-ча ЖКК бөлүмүнөн – 57, Ош. ш. ИИБнын Милициянын кайгуул-күзөт кызматынын өзүнчө батальонунан – 85, КР ИИОнун башка түзүмдөрүнөн – 16, жарандардан – 44 талапкер, анын ичинен 7 аял киши.
Сынакка Кыргыз Республикасынын жарандары болгон,  эркектер жана аялдар катыша алат.
Талапкер болгон жарандардын жаштарды:
-  Катардагы кызмат орунга 19 жаштан 30 жашка чейинки курактагылар
-  Офицердик кызмат орунга 21 жаштан 35 жашка чейинкилер болууга шарт
Сынактын катышуучулары болуп ИИМдин кызматкерлери карата жаш курактык талаптар, катышуулары учурдагы мыйзамдарга ылайык каралат.
соттолбогону тууралуу маалымкат.
«В» категориясындагы айдоочулук күбөлүгү болууга тийиш
Офицердик орунга талапкерлигин койгондор жогорку билимдүү, кенже курамга орто билимдүү болуусу керек.
Бөлүмдүн  начальнигинин кызмат ордуна тургандар үчүн – укук коргоо органдарында жетектөөчү кызмат ордунда үч жылдан кем эмес иш тажрыйбасына болууга тийиш.
Эркектердин боюнун узундугу 170 см кем эмес, ал эми аял кишиники 165 см кем эмес болуш керек.
Биринчи сынакка катышкан жана тандоодон өтпөй калган талапкерлер жалпы негиздерде экинчи конкурска катыша алышат.
Бош кызмат орундарынын тизмеси тууралу малыматты кадрлар бөлүмүнөн жана ИИМдин ЖКККББнын расмий сайттын маалымат бөлүгүнөн таанышсаңыздар болот.
Сынакка катышууга документтер 2020-жылдын 6-июлуна чейин Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын Кадлар бөлүмү кызматкерлери тарабынан Ош шаары Касымбеков көчөсү 30 дареги 2- кабатта кабыл алынат, кошумча маалыматтарды сурап билүү тел. +996 3222 3-9563, +996 3222 3-9562.