"Сорос-Кыргызстан" фонду ИИМдин ЖКККББга жеке коргонуу каражаттарын тапшырды

"Сорос-Кыргызстан" фонду Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын кызматкерлерине жеке коргонуу каражаттарын 5000 даана медициналык бет кап, 3000 даана кол кап жана  200 литр "Антисептикалык" жеке коргонуучу каражаттарынан жардам көрсөттү.

         Бүгүн, 2020-жылдын 21-май күнү  "Сорос-Кыргызстан" фондунун өкүлдөрү Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлерине жеке коргонуучу каражаттарынан жардам катары тапшырышты, бул жардам башкармалыктын бардык кызматкерлерине таратылып берилет.

Өз кезегинде, "СOVID-19" инфекциянын алдын алууда көрсөтүлгөн гуманитардык жардам үчүн ЖКККББнын кызматкерлери "Сорос-Кыргызстан" фондуна ыраазычылыгын билдиришти.

Эскерте кетсек, "Сорос-Кыргызстан" Фонду (ФСК) — эл аралык өкмөттүк эмес жеке фонд - ачык коомду куруу үчүн Кыргыз Республикасында шарттарды түзүүгө, тагыраак айтканда 25 жылдан бери коомдук институттардын өнүгүүсүнө жана коомдук турмуштун бардык чөйрөлөрүндөгү демилгелерге колдоо көрсөтүп келе жатат.