Кыргыз Республикасынын Ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда каза болгондорду эскерүү күнүн ЖКККББы белгиледи

Бүгүн 15-май Кыргыз Республикасынын  Ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери  кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда каза болгондорду эскерүү күнү белгиленди.

Бул эскерүү күнү, Кыргыз Республикасынын ИИМдин буйругу менен биринчи жолу 2015-жылы белгиленген. Ошол учурдан баштап биз кызматтык милдеттерин аткарып жатып каза болгон кызматкерлерди эскерип келебиз. Алардын  ак ниеттүүлүк менен өтөгөн кызматы үчүн, бүгүнкү күндө биз тынчтыкта жана бейпилдикте жашоодобуз.

Бул кесип менен коомдук коопсуздукту сактоодо,  кылмыштар жана терроризм  менен күрөшүүдө жол кыймылынын коопсуздугун сактоодо ИИМдин жана ЖКККББнын кызматкерлери өздөрүнүн жашоосун тобокелге салышкан. Тилекке каршы, күрөшүү  жоготуусуз мүмкүн эмес. ЖКККББы каза болгон кесиптештердин жакындарына  жана балдарына акчалай, турак жай жана балдарды эс алууларына  көмөк көрсөтүп келет.

Бул кайгылуу күндө ЖКККББнын өздүк курамы жана жетекчилиги каза болгон жана жабыр тарткан кызматкерлердин жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.  Мындай иш-чара республиканын бардык аймактарында өтүүдө.