ОШ ОБЛУСТУК ИИБЫ БОЮНЧА ЖОЛ КЫЙМЫЛЫНЫН КООПСУЗДУГУН КАМСЫЗДОО БӨЛҮМҮНҮН КЫЗМАТКЕРЛЕРИ КҮЧӨТҮЛГӨН ТАРТИПТЕ КЫЗМАТ ӨТӨШҮҮДӨ

Ош облусунун аймагында "Өзгөчө абал" жана "Өзгөчө кырдаал"тартиби киргизилген күндөн баштап Ош облустук ИИБы боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери Кыргыз Республикасынын куралдуу күчтөрүнүн, медицина кызматкерлери жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен биргеликте Ош облусунун аймагындагы санитардык -карантиндик посттордо күнү- түнү кызмат өтүшүүдө. Ошондой эле жол кыймылын көзөмөлгө алган кызматкерлерден турган мобилдик топтор күндүзү жана түнкү убакта убакыттын талабын, коменданттык саатын тартибин так сактоо багытында жарандар арасында жер-жерлерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүүдө. Ош облусунун аймагында 2020-жылдын 20-мартынан баштап, 30- апрель күндөрү жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жалпы болуп - 625 жолу жол кыймылынын эрежелерин бузган учурлары аныкталып, бузуулар тууралу протокол түзүлдү. Алардын ичинен: - унааны спирт ичимдигин ичип алып башкаргандар-57 учур; - автоунаанын алдынкы айнегин караңгылатып алып, башкаргандар-15 учур; - тийиштүү документтери жок унаа башкарган-35 учур. Жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн убактылуу унаа токтотуучу жайларга - 96 унаа киргизилген. Жол кырсыктарынын саны үч эсе кыскарды. Эскерте кетчүү нерсе, Ош облусунун жол көзөмөлчүлөрү "Өзгөчө абал" тартиби киргизилген, Ош облусунун Кара- Суу жана Ноокат райондорунун жана "Өзгөчө кырдаал" тартиби киргизилген Алай, Чоң- Алай, Кара-Кулжа, Өзгөн жана Араван райондорунун аймактарында күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөштү. Ош облусунун ИББы боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмү жол кыймылын эрежелерин жана өзгөчө кырдаал тартибинин талаптарын так сактоого чакырат жана жоопкерчилик тууралуу эскертет.