Жаз майрамынын урматына офицерлердин жубайларына медалдар тапшырылды.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын ардагерлер кеңешинин төрагасы жана жетекчилиги, кызматкерлердин жубайларын сыйлашты, алардын туруктуулугу жана укук коргоо органдарында кызмат өтөөдөгү күйөөлөрүнө көргөзгөн жардамы үчүн. Ардагерлердин жана офицер кызматкерлердин жубайларына,  жолдоштору милиция кызматында 20 жылдан ашык таалыкпай эмгектенгендиги үчүн «Офицердин жубайы» медалдары даярдалган.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын чоң залында, башкармалыктын башчысы милициянын подполковниги Азамат Исраилов, орун басары милициянын полковниги Ыманалы Саркулов жана Ардагерлер кеңешинин төрөагасы Кулгельди Качкынбаевдер катышышып, аялдарды 8-март майрамы менен куттуктап, медалдын бардыгы түзүлүшүн, сүрөттөгү элестери жөнүндө, аны менен кандай эмгек сиңиргендиги үчүн, аны түзүлүшү тууралу тарыхын жана кандай эмгек сиңиргендиги үчүн сыйлайт экендигин айтып беришти. Бул медалга ички иштер министрлигинде эмгеги сиңген офицер кызматкерлеринин татыктуу эмгеги, алар дайыма үй-бүлөөсүнүн жанында жок болгон учурда, үйдөгү очокторун табын өчүрбөй сактап, балдарын татыктуу тарбиялашкан, өмүрүнүн чыныгы ишенимдүү шериктери болгон, ар дайым колдоо көрсөткөн жубайларга ыйгарыла тургандыгын белгилешти.  

Бул медаль «Офицердин аялы — таяныч, үмүт жана ишеним» Москва шаарында жазалып, мында жубайлардын силуэттеринен тышкары түркүн түстүү тасмалар бар, алар төмөнкүлөрдү символдоштурат:  ак-тоолор, жашыл-жайлоо, сары-түшүм талаасы, көгүлтүр-Ысык-Көл жана Кызыл- биздин мамлекеттин желеги.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Ардагерлер кеңешинин төрөагасы Кулгельди Качкынбаев өзүнүн баяндамасында, чектөөгө салынбаган-чектелбеген график, түнкү күзөттөр, иш-сапарлар, эң негизгиси уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүүдө кызматкер өз өмүрүлөрүн тобоокелге коюп кызматтык милдеттерин так аткарууда, ошол эле учурда Сиздер үйдө бардык кыйынчылыктарга туруштук берип, колдоо көргөзүп келүүңүздөргө чоң ыраазычылык билдирип кетти.

Кылгын эмгегиңиздерди унутта калтырбай, бүгүн айымдардын 8-март майрамы менен куттуктап кетүүгө уруксаат этиңиздер! Биздин кызматкерлердин үйүндө жарык чыгаруучу,  биздин кызматкерлердин үйлөрүндө тазалык жана жылуулук, алардын балдарын татыктуу тарбиялап жатканыңыздар үчүн таазим кылам, офицердин ар бир аялы мындай көңүл бурууга татыктуу жана биз аларды куттуктап, медалдарды тапшырууга аябай кубанычтабыз!!!

Төмөнкү биздин айымдар «Офицердин жубайы» медалы менен сыйланышты:

- Букашева Гүлнур Садыровна

- Дьяченко Елена Викторовна

- Мамедова Сурая Теймуровна

- Саткынбаева Анара Шамшединовна

- Айткулова Кулукан Бексултановна

- Шапакова Айымжамал Бейшеновна

- Мусабаева Нурия Толомушевна

- Сабирова Асель Нуркановна

- Кочкарова Мырзагүл Курманкуловна

- Турдумамбетова Чынакуль Усенкожоевна

- Эсенбаева Гулнара Акималиевна

- Иманкулова Гулмира Кулубаевна

- Добулбекова Дамиракан

- Куткеева Нурбү Токтогазиевна

- Барпиева Атиргул Адиловна


Энелердин, айымдардын жана жаз майрамы 8-март-Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктайбыз! Сиздерге чың ден-соолук, ийгилик, үй-бүлөлүк бакыт жана жакшы маанай каалайбыз! Сиздердин эмгегиңиздер, сабырдуулугуңуздар үчүн ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Биз силерди жакшы көрөбүз, баалайбыз жана терең урмат-сый.