Жалал-Абад облусунда айдоочу уктап кетип 7 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы катталды

2020-жылдын 4-март күнү, саат 00:30 чамасында Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районунун аймагына «Бишкек-Ош» унаа жолунун 492,2-чакырымында Ноокен районунун тургуну 49 жаштагы Т.Ш., өзүнүн «Хонда-Джаз» үлгүсүндөгү автоунаасын өзүнүн туугандары менен Шамалды-Сай шаарчасынан Кыпчак-Талаа айылына келе жаткан учурда, карама-каршы Бишкек шаарына карай багытта Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарынын тургуну 44 жаштагы К.С. өзүнө таандык «Мерседес-Бенц Вито» үлгүсүндөгү автоунаасын башкарып бара жатып, рулунга ээ боло албай, жолдун карама-каршы тилкесине чыгып, «Хонда-Джаз» үлгүсүндөгү автоунаа менен кагылышкан. Алдын ала маалыматтарга караганда “Мерседес-Бенц Вито” автоунаасынын айдоочусу рулда баратып уктап кеткен себеби болгон, окуя болгон жерди кароодо эки автоунаада тең токтоодо дөнгөлөктүн издери калган эмес жана жол кыртышы кургак болгон. Бул жол кырсыгынын кесепетинен «Хонда-Джаз» үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу ичиндеги төрт жүргүнчүсү ал эми «Мерседес-Бенц Вито» автоунаасынын айдоочусу, жанында бир жүргүнчүсү менен кошо окуя болгон жерде алган жаракатынан улам каза болушкан жана «Мерседес-Бенц Вито» автоунаасында жүргүнчү катары бара жатышкан алты жараныбыз, денелеринен ар кандай жаракаттарды менен Шамалды-Сай шаарчасынын ооруканасына жаткырылган. Аталган окуя Ноокен РИИБде кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестирине катталып, тийиштүү экспертизалар дайындалып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталды. Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы, жол кыймылынын бардык катышуучуларына, жол кыймылынын эрежелерин сактоого жана бузбоого чакырат.