2020-жылдын 17-январь күнү "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

2020-жылдын 17-январь күнү "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын "Жоруктар жөнүндө" кодексине)"  Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөр  күчүнө кирди. 

Өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын "Бузуулар жөнүндө" кодексинин жарандардын жоопкерчилигин чектөө бөлүгүн өркүндөтүү максатында кабыл алынды, адилеттүү жана гумандуулук принциптерине жараша, бузуулардын айрым категориялары үчүн айыптардын тийиштүү өлчөмдөрүн белгилөө Мыйзам тарабынан 123-1-статьянын 1-бөлүгүндө каралган бузуулардын айрым түрлөрү (Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын, Жол кыймылынын эрежелерин бузуусу) айыптын өлчөмү 3 миң сомдон 1 миң сомго чейин төмөндөдү.

-       жол белгилеринин талаптарын аткарбоо;

-    жол белгилеринин талаптарын аткарбоо, жолдун жүрүүчү бөлүгүндөгү чийиндердин талаптарын аткарбоо (каршы кыймыл тилкесине чыгуу менен кууп өтүүнүн же болбосо маневр жасоонун эрежелерин бузууларын кошпогондо);

-    Токтоо же токтоп туруу эрежелерин бузуу;

-   коопсуз аралык, интервалды сактабоо же болбосо жолдун жүрүүчү бөлүгүндө транспорт каражаттарын жайгаштырууну бузуу же автомагистралда жүрүү эрежелерин бузуу;

-   жол белгилери же жолдун жүрүүчү бөлүгүнүн чийиндери менен белгиленген стоп-линиянын алдында токтоо жөнүндө Жол кыймылынын эрежелеринин талаптарын светофордун тыюу салуучу сигналы же болбосо жөнгө салуучунун тыюу салуучу жаңсоосу болгондо аткарбоо;

-   каршы кыймылдын тилкесине чыкпай туруп, кууп өтүү же маневр жасоо эрежелерин бузуу;

-   жарык берүүчү приборлорду же болбосо эскертүүчү сигналдарды пайдалануу.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын "Бузуулар жөнүндө" кодексинин 342-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык жол кыймылынын эрежелери, жогоруда көрсөтүлгөн жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн айып пул салуу жөнүндө токтом алынган күндөн тартып он беш календардык күндүн ичинде төлөө, айып пулдардын өлчөмү 50 пайызга азаят.

Ошону менен бирге, жасалма же жасалма мамлекеттик каттоо номер белгилерин тагып, транспорт каражаттарын башкаруу мыйзам бузуулар кодексинен алынып (айып 10 000 сом) "Жоруктар жөнүндө" кодексине киргизилди (20 000 ден 30 000 сомго чейин), башкача айтканда, бул кылмыш жоопкерчилиги күчөтүлдү. Жоопкерчилик Кыргыз Республикасынын "Жоруктар жөнүндө" кодексинин 173-беренесинде каралган "Транспорттук каражаттын идентификациялык номерин, кузовунун, шассисинин, кыймылдаткычынын номерин жасалмалоо же жок кылуу, буга тете эле транспорттук каражаттын мамлекеттик каттоо белгисин жасалмалоо" жоопкерчилиги  каралат.