ЖКККББнын кызматкерлери 3 күндө 3999 жол эрежесин бузуу фактысын аныкташты

Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖККББнын кызматкерлери “Рулдамын” аттуу рейддик иш чарасы болуп өттү, бул иш чаранын негизги максаты жол кырсыктарын санын азайтуу, жол жүргүнчүлөрүнүн маданиятын жогорулаттуу, жол жүрүмүн жөнгө салуу ошондой эле жаш өспүрүмдөр катышкан жол кырсыктарын алдын алуу болуп эсептелет. Бул иш чаранын жыйынтыгында 31-декабрь күнүнөн 3-январга чейин жалпысынан 3999 жол эрежесин бузуу фактысы катталган, жалпы суммасы 7 миллион 136 миң сомду түзөт, ал эми 485 миң сом мамлекеттин казынасына төлөндү. Жол эрежесин одоно бузган бузууларга токтолсок: - Автоунаанын алдыңкы жана маңдайкы терезелерин атайын күңүрттөтүү боюнча - 38; -Мас абалында унааны башкарган үчүн - 94; -Унаа тентектик - 2 -Авто унаага жазалма номер тагып башкаруу үчүн - 6; -Ылдамдык - 637; -Жол белгилери - 380; -Авто унааны тийиштүү документери жок башкаруу – 49; -Айдоочулук күбөлүк албаган – 12; -Жолдон туура эмес өткөн жөө жүргүнчүлөр – 53; -Башка жол эрежелерин бузуу боюнча жалпы көрсөткүч – 2728.