Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери Бишкек шаарынын төрт районун камсыздайт

2019-жылдын 30-декабрында  Жаңы жылды утурлай   Бишкек ШИИББгы боюнча   Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери  эртең мененки  нускамасы болуп өттү. Нускама  учурунда  салтанаттуу    түрдө желек көтөрүлүп, Кыргыз Республикасынын  мамлекеттик гимни ырдалды.

Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын башчысы милициянын майору Алмаз Исаков  жана бөлүмдөрдүн жетекчилери,  өздүк курамдын  кызматка даярдыгын текшеришти.

Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын  кызматкерлери экинчи  этап менен бүтүп келген кызматкерлер менен толукталып, буга чейин  эки райондун коопсуздугун камсыздап келсе, бүгүндөн баштап Бишкек шаарынын  төрт  району  боюнча коомдук тартипти, коомдук коопсуздукту жана жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлгө  алышат. Коомдук жайларда жарандардын кайрылуусуна жооп берүү  менен бирге, 102 байланышы боюнча, келип түшкөн чакырууларды камсыз кылышат.

Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын  кызматкерлери 2020-жаңы жылдык иш чараны ийгиликтүү өткөрүү  үчүн, майрам күндөрү коомдук жайларда, майрамдык иш-чара өткөрүүчү  мекемелерде, коомдук тартипти жана коомдук коопсуздукту сактоо үчүн күчөтүлгөн тартипте  кызматтык милдеттерин аткарышат.

Бул күндөрү ага тууган, жолдош жоролордукуна, куттуктоо үчүн жол жүрүүлөр кыймылдын интенсивдүүлүгүнө жолтоо болот. Ошондуктан мүнкүн болсо бул күндөрү коомдук транспорттордун кызматы менен колдонууга чакырып кетет элек.

Урматтуу жөө жүргүнчүлөр, жол кесилиштеринен өтүүдө, коомдук транспортторго түшүп жана чыгууда өтө кылдат жана сак болууңуздарды өтүнөбүз, кечки убакта жарык чагылдыруучу шаймандары бар кийим же элементтерди колдонсоңуздар туура болот.