ЖКККББы баардык жараандарды алдыдагы келе жаткан жаңы жылыңыздар менен куттуктайт!

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы, баардык жараандарды алдыдагы келе жаткан жаңы жылыңыздар менен куттуктайт! Ураматтуу жол кыймылынын катышуучулары, Бишкек шаарынын тургундары жана коноктору, майрам алдындагы убаракерчиликтердин аркасынан кырсыкка учурап калбаш үчүн жолдо жүргөндө кыраакылыкты сакташыңыздарды өтүнөбүз.

Мурунку жылдар көрсөткөндөй бул күндөрү унаа кыймылдарынын көбөйүшү менен жол кырсыктарынын саны дагы көбөйүүсү байкалат. Ошондуктан баарыңыздарды жол эрежелерин, ылдамдык эрежесин, аба ырайына байланыштуу унаа аралытарын так сактоого, жөө жүргүнчүлөр, алардын арасында жаш өспүрүмдөр жүргөн жерлерде өтө кылдат болууга чакырабыз.

Башка жол кыймылынын катышуучуларына жолтоо болбоо, ошондой эле ар кандай кырсыктардан алыс болуш үчүн унааңыздарды кароосуз жана туура эмес жерлерге токтотуп, таштоодон алыс болуңуздар.

Бул күндөрү ага тууган, жолдош жоролордукуна, куттуктоо үчүн жол жүрүүлөр кыймылдын интенсивдүүлүгүнө жолтоо болот. Ошондуктан мүнкүн болсо бул күндөрү коомдук транспорттордун кызматы менен колдонууга чакырып кетет элек.

Урматтуу жөө жүргүнчүлөр, жол кесилиштеринен өтүүдө, коомдук транспортторго түшүп жана чыгууда өтө кылдат жана сак болууңуздарды өтүнөбүз, кечки убакта жарык чагылдыруучу шаймандары бар кийим же элементтерди колдонсоңуздар туура болот.