ЖКККББнын кызматкерлеринин жубайларын куттукташып “Офицердин жубайы” төш сыйлыгын ыйгаруу аземи болуп өттү

Жаңы жыл! Жыл аягы, балдардын майрамы, отчеттор, бул күнүмдүк жашоо, куттуктоолор, белектер, мыктыларды тандоо, жакшылыктын убарасы. Ар бир адам өз тиричилик күнүн өткөрүүдө.
Бүгүн 2019-жылдын 26-декабрь күнү ЖКККББнын актовый залында, жетекчилик курам, ардагерлер кеңешинин төрагасы менен биргеликте ЖКККББнын кызматкерлеринин жубайларын  куттукташып “Офицердин жубайы” төш сыйлыгын ыйгаруу аземи болуп өттү.
Офицердин жубайы болуу бул оңой жол эмес, бул нерсени башынан өткөргөн аял заты гана түшүнө алат. Баарыбызга белгилүү болгондой эле  ички иштер министирлигинин кызматында иштөө бул оор, ар кандай кооптуу кырдаалдар, күнү-түнү, ысык-суукта, нөөмөттүк кызмат, узак иш сапарлар, мунун баарын түшүнүп, колдоо көргөзүп бирге жашаш, баардык эле аялзаты көтөрө алгыз сабырдуулукту, кайраттуулукту талап кылат
Бүгүн  биз ушул каармандарга убакыт бөлүп, көңүл бурууну чечтик, бул адамдар ар бир үйдүн кутун сактап, коломтосун жандырып, балдарга тарбия берип, жашоо тиричиликти улап келишет. Ар бир офицердин жубайы алкышка татыктуу, бул учурда төмөнкү эже апаларыбызды куттуктап, төш белгисин ыйгарып жаткандыгыбыз үчүн өтө кубанычтабыз.
 - Джузупбекова Чинара Казымбековна
- Борбунова Майрам Кеңешбековна
- Макилова Миргул Бейшеналиевна
- Абдыкеримова Атыркүл Абдрашитовна 
- Кайназарова Сакен Мудиловна 
- Сатыбекова Анар Сатаркуловна
- Сейдибалиева Гульнара Мамыркуловна
- Тобокелова  Мариям Бектемировна
- Успанова Ажултай Алмасбековна
- Кошматова Айгуль Советовна
- Эрназарова Жипаргүл Шаимбетовна 
- Исаева Кыял Исаевна
- Мирзалиева Динара Азимкуловна
- Жолчиева Асель Жолдошбековна 
Учурдан пайдаланып ар бир үй-бүлөөнү, эне-аталарды, жубайларды, балдарды, куттуктайбыз! Сиздерге чын ден-соолук, узак-өмүр, үй-бүлөөлүк бакубаттуулук, жарык маанай каалайбыз. Сиздердин эмгегиңиздерди, ажыбас кайратыңыздарды терең баалоо менен урматтайбыз!
Келе жаткан жаңы жылңыздар менен!