Балдардын көңүлдөрү көтөрүлүп, жакшы маанай, ыр белектерин тартуулашты

Жакында жаңы жыл, ар бирибиз бул майрамды үй-бүлөөбүз менен, балдарыбыздын, эне-аталарыбыздын кучагында тоскубуз келет. Тилеке каршы коомубузда ар кандай мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар бар, алар дагы жаңы жылды өз маанисинде өткөрүүгө татыктуу. 
Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын кызматкерлери, 2019-жылдын 24-декабрь күнү Чүй облусундагы Беловодский айылында жайгашкан мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үйүнө жана Сокулук айылындагы “Давха-Сокулук”орто мектебиндеги эне-бала борборуна барып жаңы жылы менен балдарды куттуктап,  таттуу белектерди тартуу кылышты. Балдардын көңүлдөрү көтөрүлүп, жакшы маанай, ыр белектерин тартуулашты.