УРМАТТУУ ШААРЫБЫЗДЫН ТУРГУНДАРЫ ЖАНА КОНОКТОРУ!!!

2019-жылдын  27, 28-ноябрь күндөрү  Бишкек шаарында   Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин Сессиясы  өтөт, бул жыйынга Жамааттык коопсуздук кеңешине мүчө-мамлекеттердин башчылары катышат.

Эл аралык маанидеги иш-чаранын жүрүшүндө  Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын аймагында унаа  каражаттарынын кыймылына убактылуу чектөөлөр төмөнкү жолдордо киргизилет:

- «Манас» аэропортунан баштап Жибек Жолу проспектисине чейин;

- Фучик көчөсү менен Чүй проспектисине чейин;

-Жибек-Жолу проспектиси Фучик көчөсү менен Манас проспектисине  чейин;

- Чүй проспектиси менен Фучик көчөсүнөн, Манас проспектисине чейин;

- Чүй  проспектиси, Манас проспектисинен Абдрахманова көчөсүнө чейин;

- Абдрахманова көчөсү менен Фрунзе көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейин;

- Манас жана Ч. Айтматов проспектилеринен  Мамлекеттик резиденцияга чейин.

 

Урматтуу шаардын жашоочулары жана коноктору!

Өткөрүлүп жаткан иш-чаралардын маанилүүлүгүнө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы, убактылуу киргизилген чектөөлөргө  шаардын тургундары менен конокторун түшүнүү менен кабыл алууларына чакырат. Жолдо жүрүү эрежерин так сактоого жана айдоочулук  маданияттуулукту сактоого, транспорт каражаттарын жогоруда көрсөтүлгөн унаа жолдорунун боюнда таштап жана кароосуз калтырбооңуздарды суранат.

Ушул күндөрү чет өлкөгө жана өлкөнүн башка региондоруна учуп кетүүнү жана сапар алууну көздөгөн жарандар, жолдордогу тыгындарда калып, рейстерге кечигип калууларын алдын алуу үчүн өз каттамдарын өз убагында пландап алып, «Манас» аэропортуна, Бишкек шаарындагы темир жол бекетине жана батыш автобекетине убакытты эртерээк пландоого чакырат.

ЖКККББгы жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мамлекеттик маанилүү иш-чараларды өткөрүүгө байланыштуу, жол кыймылынын катышуучулары көрүлүп жаткан чараларга түшүнүү менен мамиле кылууларына ишеним артат. Маршруттук өзгөрүүлөр болсо кошумча маалымдайбыз.