Бүгүн 2019-жылдын 22 октябрь күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББда Кыргыз Республикасынын ИИМдин коомдук кеңешинин жыйыны болуп өттү

Бүгүн 2019-жылдын 22 октябрь күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББда Кыргыз Республикасынын ИИМдин коомдук кеңешинин жыйыны болуп өттү, бул төмөнкү маселелер каралган: “Бишкек шаарынын кайгуул күзөт кызматынын ишмердүүлүгүнүн биринчи этабынын жыйынтыгы боюнча” Жарыш сөзгө түшкөндөр Бишкек шаардык ИИББгы боюнча КККБ башчысы милициянын майору Исаков Алмаз Карыпович. “Баяндоочу “Жол коопсуздугу коомдук бирикмесинин башчысы”, КККБ тандоо боюнча сынактын мүчөсү Касмамбетова Чинара Сапарбековна “Бишкек шаардык патрулдук кызматына тандоо боюнча комиссиянын ишмердүүлүгү тууралуу кыскача маалымат”. Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары милициянын полковниги Орозалиев Алмаз ачылышын жарыялады. Өз сөзүндө азыркы учурда коомчулук арасында кайгуул күзөт кызматынын ишмердүүлүгүнүн престиждүүлүгүн жарыялоо маанилүү экендигин белгилеп кетти. Мындан тышкаары Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын орун басары милициянын подполковниги Сатыбалдиев Нур өзүнүн баяндамасын окуду. “2019-жылдын 31 октябрь күнү Бишкек шаарында КККБы ишке киргизилген” Биринчи этапта КККБнын кызматкерлери Бишкек шаарынын биринчи май районун толугу менен жана Свердлов районунун айрым бөлүктөрүндө иш алып барууда. КККБнын кызматкерлеринин ишмердүүлүгү жигердүү болуш үчүн Биринчимай району боюнча 10 чарчы аянтчага бөлүнүп, күн сайын 10 авто патрул, 25 жөө патрул кызмат өтөөдө жана Сверлов району боюнча 5 чарчы аянтчага бөлүнүп, күн сайын 5 авто патрул, 15 жөө патрул иш алып барууда. Кызматкерлердин иш алып баруусу 3 сменге бөлүнгөн (09.00-17.00; 17.00-01.00; 01.00-09.00), ар бир сменге чыгаарда жана сменден кийин КККБнын башчысы өзү нускама өтүп жол коопсуздугун жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча тапшырмалар берилүүдө. Бүгүнкү күндө жаңы түзүм жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматынын кызмат оордун алмаштырат. Жаңы түзүлгөн кызмат түзүмү ЖКККББнын жана МККК кызматтарынын кызматтарын милдеттерин аткарат жана функцияларын жөнөкөйлөштүрүп эл менен тыгыз байланышта коомдук коопсуздукту, жол кыймылынын коопсуздугун жана кылмыштуулуктун алдын алып жарандарыбыздын коопсуздугу үчүн 102 чакырууларды камсыз кылуу менен бекитилген аянчасында патрул кылышат. Тактап айтканда пилоттук проэкт менен 2020-жылга чейин Бишкек шаарынын аймагында толук кандуу камсыз кылуу пландалууда жана Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башка башкармалыктарында дагы өз ишин улантуу пландалууда. Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары милициянын подполковниги Сатыбалдиев Нур Рысканович өз сөзүндө, 2019-жылдын 31-октябрь күнүнөн бери бүгүнкү күнгө чейин КККБнын кызматкерлери 102 байланышы боюнча 1114 чакырууларды кабыл алышып, 754 чакыруулар камсыздашты жана 360 курулай чакырууларды камсыздашты, 37 кылмышты ачышты, 89 жоорукту аныкташты жана жол эрежесин бузгандыгы үчүн 975 бузуу протоколдорун толтурушкан, коомдук коопсуздук боюнча 29 эрежелерди аныкташкан. Жыйынды жыйынтыктап жатып өз сөзүндө ИИМдин коомдук кеңешинин төрагасы Даутов Ялкун Умержанович “Жаңы түзүлгөн Милициянын кайгуул күзөт кызмат башкармалыгынын позитивдүү пикирди калыптандыруу, ишмердүүлүгүн арттырууда, коопсуздук боюнча коюлган кызматтык милдеттерин аткарууда, баардык жактан коомдук кеңеш жардамн аябастыгын белгилеп, кызматкерлерге ийгилик жолдоду.