Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри Кашкар Джунушалиевдин буйругу менен РФде өткөн ЖКТнын слетунда жеңишке ээ болгон тайпа жетекчилери менен кошо сыйланды

Кыргыз Республикасынын ИИМ министри, милициянын генерал-майору Кашкар Джунушалиевдин буйругу менен Россия Федерациясынын Краснодар крайынын Анапа шаарында өткөн мамлекеттер аралык Жаш кыймыл тескөөчүлөр слётуна катышып жеңүүчү болгон “Түнкү күзөт” командасынын баардык өкүлдөрү ИИМдин Ардак граматасы менен сыйланышты. Тайпаны жетектеп барган, Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын үгүт-насаат иштери боюнча тескөөчүсү, милициянын подполковниги Оторов Тилекти  жана Бишкек шаарынын №49 мектебинин директорунун орун басары Толкунбек кызы Анаралар, “Кыргыз милициясынына 95 жыл” юбилейлик медалына ээ болушту.
Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрүн жана аларды жетектеп барган Толкунбек кызы Анара менен Оторов Тилекти жогорку жетишкендиктери үчүн ички иштер министринин  орун басары, милициянын полковниги Алмаз Орозалиев жана   ИИМдин ЖКККББы башчысы, милициянын подполковниги Азамат Исраилов жана   ИИМдин Басма сөз кызматынын башчысы, милициянын полковниги Бакыт Сеитовдор куттукташты. Министирдин орун басары ИИМдин жетекчилигинин атынан сыйлыктарды тапшырып, мындан аркы дагы жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоодо, жаш өспүрүмдөр арасында жол кырсыктарын алдын алуу боюнча жасап жаткан иштерде албан жетишкендиктерге жетишин каалап, Кыргызтандын жолдорунда балдардын коопсуздугу башкы орунда экендигине токтолду.
Команданын жетекчиси билдиргендей,  "Команда баштан аяк слётко активдүү катышуусу менен чоң жетишкендиктерге ээ болду. Жылыга өтүүчү жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү сынагы, жөн кана сынак болбостон, бул балдардын ортосунда пикир алмашуусун, ошол эле учурда жаш өспүрүмдөр катышкан жол кырсыктарын алдын алуу, өспүрүмдөргө жол кыймылын үйрөтүүгө салым кошуп, балдардын эсинде жакшы нерселерди тутуп калуусуна жол берет"- дет токтолду.
Жол кыймыл тескөөчүлөр слету, Россия Федерациясынын, Краснодар крайындагы, Анапа шаарынын жанында “Смена” балдар эс алуу борборунда өтүп, ага Россиянын 40 регионунан, ошондой эле Азербайжан, Белорусия, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан мамлекеттеринен 180 ден ашык балдар катышты. Слеттун алкагында балдар сынакка катышып эле эмес эс алууга, ар кандай маданий жана спорттук  иш-чара, экскурсияларга баруу мүнкүчүлүктөрү болду.
Ошондой эле полиция, милиция кызматкерлери  жана мугалимдер арасында семинар, тегерек столдор болуп өттү. 
Биздин команда ошондой эле агит бригадалар арасында сынакта өздөрүнүн активдүүлүгү жана мыкты даярдыгы менен катышуучулардын эсинде калды.
Слеттун жыйынтыгы менен диплом, сертификаттар жана белектер менен жеңүүчүлөр кана эмес,  жеке жана командалык оюндардын катышуучулары дагы сыйланышты.
Катышуучулар тарабынан аталган масштабдуу иш-чара жогорку деңгээлде өткөнү, жаш кыймыл тескөөчүлөрү мелдешүүдөн  сырткары бири-биринен көп нерселерди үйрөнө алышты.
Аталган кыймыл ар жыл сайын жаңы багыттагы иштер менен уюштурулуп, масштабдуулукту камтып, кызыктуу жана пайдалуу болуп калыптанууда. КМШ өлкөлөрүндө балдардын жол-транспорттук кырсыктарды эскертүү боюнча тажрыйбалары менен бөлүшүүшүдө.Ал эми,  "Жол кыймылынын жаш тескөөчүсү" наамын алгандар өз Мекенинин татыктуу жарандары болуп чоңоюшуп, үлгүлүү жашоого үндөп, айлана-чөйрөдөгүлөрдү сыйлоого үйрөтүүчүлөр болуп, бүгүнкү күнү биздин жолдордо тартипти жана коопсуздукту камсыздоо менен алектенишкендерге кийин татыктуу  ордун баскандар болот деген үмүттөбүз.