Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын кызматкерлери жана ЖКККББнын ардагерлер кеңешинин өкүлүдөрү «Карылар күнү» менен башкармалыктын ардагерлерин куттукташты

1-октябрь Эл аралык карылар күнү. Бул күндү 1990-жылы Бириккен улуттар уюмунун Башкы катчылыгы расмий майрамдардын катарына киргизилген.

Карылар күнүн белгилөөнүн максаты - дүйнө коомчулугунун улгайган адамдардын көйгөйлөрүнө жана алар муктаж болгон нерселерге көңүлүн бурдуруу, карыялардын коомчулукка керек экендигин түшүндүрүү аркылуу аларга ар тараптуу колдоо көрсөтүү жана демографиялык өсүү тууралуу маалымат берүү.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын башчысы милициянын подполковниги Азамат Исраилов өз сөзүндө "Улуу муунга дайыма урмат-сый көрсөтүү, аларды кадырлай билүү, биздин коомдун көөнөрбөс баалуулуктарынын бири экендигин баса белгилеп, анын ичинен биздин түзүмдүн ардагерлерин унутта калтырбастан, кандай гана учур болбосун алар менен ар дайым жолугуп, акыл-насааттарын угуп, көйгөйлөрүн чечип берүүгө милдеттүүбүз. Жаңы кызматка орношулган кызматкерлерди тарбиялоодо, аларга мол тажрыйбалары менен бөлүшүүдө, насаатчылык иштерди жүргүзүүдө жана аларды окутуп-үйрөтүүдө ролу абдан чоң экендигин баса белгилеп, сиздерге узун өмүр, бекем ден соолук жана үй-бүлөөңүздөргө бейпилдик каалайм» – деп куттуктоо сөзүндө билдирди.

ЖКККББнын ардагерлер кеңешинин төрагасы Кулгелди Качкынбаев, ЖКККББнын кадрлар бөлүмүнүн башкы тескөөчүсү милициянын подполковниги Асылбек Кошматов жана ЖКККББнын Басма сөз кызматынын казматкерлери биргеликте башкармалыктын ардагерлеринин үйлөрүндө  узун өмүр, бекем ден-соолук жана үй-бүлөөлөрүнө бейпилдик каалап, сыйлуу белектерин тапшырышты.

Ардагерлер, кесиптештеринин келүүсүнө абдан кубанышып, башкармалыктын жетекчилигине жана өзүк курамына ыраазычылыктарын билдиришти.