Бишкек шаарынын көчөлөрүндө убактылуу чектөөлөр киргизилет

2019 жылдын 10 октябрь күнү саат 18-00 баштап Долон Омурзаков атындагы стадиондо өтө турган Кыргызстан-Мьянма курама командаларынын  футбол боюнча беттешүүсү өтөт, бул учурда ЖКККББнын кызматкерлери жол коопсуздугун камсыз кылуу максатында бардык тийиштүү иш чараларды жүргүзөт.    
Мьянма футболдук курама командасын тозуп алуу учурунда Бишкек шаарынын төмөнкү көчөлөрүндө   убактылуу чектөөлөр киргизилмекчи:
- Тоголок-Молдо көчөсү, Чүй  проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейин.
- Фрунзе көчөсү, Исанов көчөсүнөн Орозбеков көчөсүнө чейин.
Урматтуу жарандар жана Бишкек шаарынын коноктору, алдын ала ылайыктуу маршруттарды тандап, убактылуу чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылууңуздарды суранабыз.