Сентябрь айы жол эрежесин сактоо боюнча Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын кызматкерлери ар бир мектепке жол коосуздугун камсыздоо боюнча иш чараларды өткөрүп келет

Сентябрь айы жол эрежесин сактоо боюнча Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын кызматкерлери ар бир мектепке жол коосуздугун камсыздоо боюнча иш чараларды өткөрүп келет, мындай иш чара 2019-жылдын 25-сентябрь күнү борбордогу “Акылтай” мектебинде Темир Джумакадыров атындагы  «Prolex» фонду менен биргеликте «Биз жол кыймылынын коопсуздугу үчүн!» деген ураандагы акция өткөрүлдү. Бул  иш чарага 1-4 класстын окуучулары, жалпы саны 350 окуучулар катышкан. ЖКККББнын кызматкерлери мобилдүү шаарчанын жардамы менен окуучуларга жол кыймылынын эрежелерин практикалык түрдө көргөзүшүп теориялык жактан дагы кызыктуу маек жүргүзүп беришкен, акциянын жыйынтыгында окуучулар бардык берилген суроолоруна жеткиликтүү жооп алганга үлгүрүштү. Мындай акцияны өткөрүү ар бир окуучуну жөн гана жол эрежесин кайталоого үндөбөстөн, жол эрежесин сактоо, зарыл экендигине үйрөтөт.