«Young Forever» Боорукердик акциясы.

«Young Forever» Боорукердик акциясы.
2019-жылдын сентябрь айынын 8-күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын кызматерлери дүйнөлүк аренада атагы чыккан BTS (Bangtan Boys), группасынын, ARMY-Кыргызстана фанаттары менен биргеликте «Young Forever» (боорукердик) аттуу акциясын уюштурушту. Бул жаштардын патриоттук сезимин ойготуу, жол кырсыктарынын болушун азайтуу максатында, Бишкек шаарында, Ленин районунун карылар үйүндө атайын даярдалган чакан концерт менен башталып, катышуучулар мекеменин алдын тазалоо, дарбаза тоскучтарды сырдоо ишембилигин жазашкан, мындан тышкаары керектүү буюмдар, гигиеналык каражаттар, таттуулар таратылган.
ARMY- Кыргызстан Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББна акцияны биргеликте  өткөрүү демилгесин колдоп жана акысыз жолдо жүрүүнү камсыз кылган, боёчу сырларды алууга көмөк көргөзүшкөндүгү үчүн терең ыраазычылык билдирет.