Карагандада Кыргызстандын ИИМдин ЖКЖТ командасынын катышуусу менен жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрүнүн 19-республикалык слеттун салтанаттуу ачылышы өттү

Салтанаттуу иш-чаранын коногу “Балдардын Үнү” сынагынын жеңичүүсү Ержан Максим болду. Слетко Казакстандын бардык облусунан, андан сырткары Пермден (Россия), Жалал-Абаддан (Кыргызстан), Гроднодон (Беларусия) командалар катышууда. Салтанаттуу иш-чара аянттан баштап, маданий жана эс алуу борбордук эс алуу бакчасына чейин командалардын жүрүшү менен башталды. Жүздөгөн балдар менен кыздар бул учурду көп убакыттан бери күтүп, Слетко катуу даярданышкан.
Иш-чараны ачып, балдарды куттуктоого Казакстан Республикасынын ИИМдин Административдик полиция комитетинин башчысынын орун басары, полициянын полковниги Алибек Кенесбаев, андан сырткары Караганда шаарынын акиминин орун басары Ирина Любарская катышты. 
Слетко катышууга келген конокторго Караганда облусунун кыскача тарыхын театрлаштырылган бий түрүндө көрсөтүштү. Балдар ансамбли болсо Людмила Мельникованын авторундагы жол кыймылынын эрежелери жөнүндөгү ырды аткарып беришти. Шаардын жашоочулары, коноктору жана Слеттун катышуучулары Ержан Максимдин аткаруусундагы ырды коштоп ырдап жатышты жана ал кошумча үч ыр ырдап, бардыгын кубанычка бөлөдү. Слеттун катышуучуларынын алдында “Саптык кароо”, “Үгүттөө бригадасы”, “ЖКЭ билгичтер”, “Велосипед менен тегеренип айдоо”, “Жөнгө салгыч” жана башка сынактарда бири-бири менен күч сынашат. Ал эми мугалимдер болсо “Ачык тыныгуу”, полиция (милиция) кызматкерлери “ЖКЭни билгичтер”, “Биринчи медициналык жардам көрсөтүү”, “Ылдамдыкта маневр жасоо”, “Мыкты үгүттөөчү” сынактарына катышышат. Слеттун программасында мугалимдер үчүн, полиция (милиция) кызматкерлери үчүн дагы көптөгөн кызыктуу семинарлар каралган. Иш-чаранын катышуучуларына облустун жана шаардын меймандостугун көрсөтүшмөкчү: Темиртау шаарындагы Биринчи президенттин музейин жана башка маданий жайларды көргөзүү пландалган.
Ал эми, Слет Карагандадагы Казакстан Республикасынын ИИМдин Бейсенов атындагы академиясынын аймагында өтүүдө жана 25-августта жыйынтыкталат.