Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы Бишкек ШИИББгы боюнча Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгына (МККБ) экинчи этап боюнча бош кызмат орундарына сынак жарыялайт.

Сынакка катышууга документтер 2019-жылдын 24-августуна чейин Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын Кадлар бөлүмү тарабынан Бишкек шаары Ч. Валиханов көчөсү 1а дареги боюнча кабыл алынат, кошумча маалыматтарды сурап билүү тел. +996 312 63 09 01, +996 312 63 02 53,           тел./факс +996 312 63 12 75.

                                                   

Конкурска төмөнкү адамдар катыша алат:

1)     Эркектер жана аялдар, Кыргыз Республикасынын жарандары

2)     Жарандык жаштардын катарынан талапкерлер болууга шарт:

-  Катардагы кызмат орунга 19 жаштан 30 жашка чейинки курактагылар

-  Офицердик кызмат орунга 21 жаштан 35 жашка чейинкилер болууга шарт

3)Сынактын катышуучулары болуп ИИМдин кызматкерлери карата жаш курактык талаптар, катышуулары учурдагы мыйзамдарга ылайык каралат.

4)     соттолбогону тууралуу маалымкат.

5)     «В» категориясындагы айдоочулук күбөлүгү болууга тийиш

6)     Офицердик орунга талапкерлигин койгондор жогорку билимдүү, кенже курамга орто билимдүү болуусу керек.

7)     Башкармалыктын начальнигинин кызмат ордуна тургандар үчүн – укук коргоо органдарында жетектөөчү кызмат ордунда үч жылдан кем эмес иш тажрыйбасына болууга тийиш.

8)     Эркектердин боюнун узундугу 170 см кем эмес, ал эми аял кишиники 165 см кем эмес болуш керек.

9)     Биринчи конкурска катышкан жана тандоодон өтпөй калган талапкерлер жалпы негиздерде экинчи конкурска катыша алышат.

 

Бош кызмат орундарынын тизмеси сайттын маалымат бөлүгүндө жайгаштырылган.