“Рулдамын” аттуу профилактикалык иш чара өткөрүлдү

Жайкы туристик мезгилге байланыштуу, мас абалында унаа башкарган айдоочулардын кесепетинен, унаалардын жол кырсыгына кабылуусун алдын алуу жана болтурбоо максатында, ошол эле учурда жаш балдардын катышуусундагы жол кырсыктарын алдын алуу, жол эрежелерин одоно бузган айдоочуларга тиешелүү чара көрүү үчүн жуманын эс алуу күндөрү Ысык-Көл областык ЖКККББнын кызматкерлери менен “Рулдамын” аттуу профилактикалык иш чара өткөрүлдү.

Бул иш чарада мас абалында унаа башкарган айдоочуларга, ылдамдыктын чектөөсүн бузган айдоочуларга, тиешелүү документтери жок унаа башкарган айдоочуларга, башка унаага тиешелүү мамлекеттик белгисин тагып алуу, алдыңкы айнектерин караңгылатып алуу фактыларына өзгөчө көңүл бурулган. Иш чараны жыйынтыгында баардыгы болуп 435 жол эрежесин бузуу фактысы катталган, алардын ичинен -7 мас абалында унаа башкаргандар, тиешелүү документсиз унаа башкаргандар - 5, мамлекеттик белгисин такпай айдап жүргөндөр  -5, башка унаага тиешелүү мамлекеттик белгисин тагып алуу фактысы боюнча - 11, алдыңкы жана каптал айнектерин караңгылатып алуу -7, атайын унаа коючу жайга киргизилген унаалардын саны -35. Мындай иш чаралар туристик мезгил учурунда байма-бай өткөрүлүп турат.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББгы эскертет: мас абалында унаа башкарган айдоочуларга жөн гана айып пул салуу менен чектелбестен адамдын өмүрүн ажыратуу мүмкүн. Мас абалында болгон унаа кырсыктарынын кесепети өтө коркунучтуу экендигин унутпаңыздар! Кылмыш шалакылыкты мас абалында авто унаага олтурган айдоочу эмес, аны менен кошо жоругун алдына алалбаган адамга дагы тийиштүү.