ЖКККББы кызматкерлери бала бакчадагы балдарга жол кыймылы тууралу нассат иш чарасын өткөрүштү.

Бишкек шаарындагы “Точка роста” мектепке чейинки бала бакчасында Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын кызматкерлери бала бакчанын тарбиячылары менен биргеликте  жаш өспүрүмдөр арасында “Жол коопсуздугу балдар үчүн!”  аталыштагы  иш  чара  өткөрүштү.

     Иш чаранын негизги максаты жайкы эс алуу маалында жаш өспүрүмдөрдүн  катышуусу менен болуп жаткан, жол кырсыктарын алдын алуу жана болтурбоо макасатында,  жолдо жүрүү маданияттуулугун жогорулатуу багытында үгүт-насаат иштери  жүргүзүлүүдө.

      Иш чараны өткөрүүгө жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жана «Азия» театралдаштырылган тобунун актерлору жомоктордун каармандарынын атынан жол кыймылынын эрежелерин түшүндүрүп жардам беришти.

     Жаш өспүрүмдөр, тескөөчүлөрдүн жана актёрлордун  жол коопсуздугу боюнча насаат иштерин кунт коюу менен угуп, оюндарга активдүү катышты. Жаш өспүрүмдөргө жол кыймылынын кесилиштеринде, жолду кантип өтүү, жолдон чуркабоо жана жолго ойнобоо керек экендигин жөндөштү. Бала бакча айланасында уюштурулган оюндарга  активдүү катышышып,  кандай эрежелерди сактоо керек экени тууралу кеңири өздөштүрүштү.

     Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери жаш өспүрүмдөргө жол эрежелерин окутууда, тарбиячылыр менен биргеликте иш алып баруу чоң  өбөлгө түзө туургандыгына токтолушту.