Чүй облусу боюнча ЖКККБы кызматкерлерине жабыркалануучуларга биринчи медициналык жардам көрсөтүү боюнча сабак өткөрүлдү.

2019-жылдын 27-28-июнь күндөрү Чүй облусунун аймагында Бишкек-Ош, Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолдорунда Туристик мезгил-2019” алкагында, Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББы жана “Кызыл жарым ай” коомунун өкүлдөрү менен биргеликте жолдогу унаа кырсыктарга учурагандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүү боюнча атайын практикалык сабактарды  өтүштү.

Аймактардагы жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган кызматкерлер кырсык оордуна биринчилерден болуп барат, ошондуктан алардын биринчи жардам көрсөтүүсүнөн жабырлануучунун өмүрүн сактап калуу мүнкүнчүлүгү болот.

Ар бир кызматкер биринчи жардам көрсөтүүнү туура билүүсү, жабыркалануучунун акыбалын туйуп билүү, сыныктарды туура таңууну, жардамды туура көрсөтүүнү билүүсү абзел.

Ошондуктан “Кызыл жарым ай” коомунан чыкырылган атайын эксперттер, КР ИИМдин ЖКККББнын кызматкерлери менен биргеликте жол кырсыктарын жазалма түрлөрүн жазап, гримдин жардамы менен атайын жаракат алган адамдарды театыралдаштырып ошол жерге кызматкерлерди чакырып, тез жардам кызматы келгенге чейинки биринчи жардам көрсөтүү ыкмаларын кызматкерлер оордунан жардам берүүсүн талдап, ошол эле убакытта үйрөтүп жатышты.

Атайын сабактар өткөн соң “Кызыл жарым ай” коомунун өкүлдөрү жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган кызматкерлерге биринчи жардам көрсөтүүгө даярдалган, унаага салып жүрүүчү аптечка жабдыктарды белеке берип жатышты.

Мындай  иш-чара республиканын баардык аймактарында өткөрүлөт.