Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын аймактык башкармалыктары жана бөлүмдөрү тарабынан 2019-жылдын туристтик сезон маалында коомдук тартип менен жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого багытталган бир катар уюштуруучулук жана практикалык чаралар жүргүзүлдү.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын аймактык башкармалыктары жана бөлүмдөрү тарабынан 2019-жылдын туристтик сезон маалында коомдук тартип менен 

Бүгүнкү күнү республика аймагында 309 курорттук-саламаттык чыңдоо мекемелери, алардын ичинен 11 туристтик база, 58 эс алуу үйү, 172 пансионат, 15 санаторий, 15 лагерь, 45 балдардын ден соолугун чыңдоо комплекси менен 13 курорттук-саламаттык чыңдоо комплекси өз кызматтарын көрсөтүшөт.

ЖКККББнын өздүк курамына мыйзамдуулукту жана кызматтык тартипти бузбоо максатында эс алууга келишкен жарандарга жана чет өлкөлүк туристтерге карата маданияттуу, сылык болуу үчүн күнүнө нускамалар өткөрүлүп турат. 2019-жылдагы туристтик мезгилди өткөрүү учурунда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы тарабынан, туризм жөнүндө жасалган басма сөз продукцияларын республиканын чек араларында жайгашкан кирип чыгуу пункттарында таркатууда көмөк көрсөтөт.

Ошондой эле, 2019-жылдын туристтик сезон маалында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы Патрулдук милициянын көчмө постторун «Кордай (Казахстан)–Бишкек», «Манас» Аэропорту -Бишкек», «Түндүк бурулуш жолу –Бишкек», «Бишкек-Балыкчы–Чолпон-Ата–Каракол» жайгаштырды.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлеринин кызмат өтөөсү фото-видеону фиксация кылган видео-регистраторлор, радардык жабдуулар (Визир-М2, Бинар, Амата) менен камсыздалган, автоунаанын кузовунда ишеним телефондору көрсөтүлгөн (ИИМ-66-23-31; ЖКККББ–63-09-00; 63-09-01) патрулдук автоунаалар менен гана бөлүштүрүлүп, бекитилген постторго ылайык кызматта болушат. Бардык патрулдук экипаждар жол кыймылынын эрежелерин бузгандар айып пулду жеринен төлөө үчүн POS-терминалдар менен камсыздалган. Жол кыймылынын эрежелерин бузган айдоочулар же эс алуучулар айып пулду Кыргыз почтасы, Айыл Банк, Азия Банк, Оптима Банк, КвикПей, АсИсНур, ТеремПей, Умай, МагаПай, Megapay.kg, Balance.kg терминалдары аркылуу төлөмдөрдү ишке ашырууга болот. ЖКЭни бузгандыгы үчүн айып пулду төлөө боюнча токтомду алган күндөн баштап 15 күн ичинде айып пулду төлөй турган болсо, анда 50% сумма азаят. Эгер айып пулду төлөө убактысын создурган болсо анда күн сайын 1% туум көбөйө берет.

Жайкы “Туристтик сезон-2019” даярдоо жана өткөрүү маалында 2019-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын ЖКККББ тарабынан күнү-түнү иштей турган Кыргыз Республикасынын күч түзүмдөрүнүн жана өзгөчө кырдаалдар учурунда жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондору боюнча маалыматты камтыган 10000 стикерлер, буклеттер иштелип чыкты.

Андан сырткары, туристтик сезон маалында, Боом капчыгайында, Кемин районунда, Төө-Ашуу өтмөгүндөгү «Бишкек-Ош» автожолунда ЖКККББнын күнү-түнү иштей турган посту уюштурулуп, андан сырткары, жол-транспорттук кырсык катталган жерге өз убагында барып, жабырлануучуларга биринчи медициналык жардам көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын ӨКМдин тез жардам каретасы менен куткаруучулардын нөөмөтү уюштурулду. Күнү-түнү иштей турган Кыргыз Республикасынын күч түзүмдөрүнүн жана өзгөчө кырдаалдар учурунда жардам бере тургандардын ишеним телефондору боюнча, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында жол кыймылынын эрежелерин бузгандар административдик жоопкерчиликке тартылуусу тууралуу маалыматты камтыган атайын стикерлер жана буклеттер иштелип чыкты.

Аталган стикерлер Кыргыз Республикасынын аймагына келген чет өлкөлүк туристтерге төмөнкү көзөмөл өткөрүү пункттардан өтүү учурунда таратылмакчы: «Чалдовар», «Ак-Жол», «Кара-Дарыя».

Келип түшкөн маалыматка ыкчам аракет көрүү үчүн “100” кыска номуру менен 0703 63 09 00 (ватсап) телефон номурларына күнү-түнү кайрылуу үчүн түзүлдү, баардык обоненттер үчүн чалуулар акысыз.

ИИМдин ЖКККББнын Басма сөз кызматыжол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого багытталган бир катар уюштуруучулук жана практикалык чаралар жүргүзүлдү.