Ошто жол тескөөчү 3 жаштагы баланын өмүрүн сактап калды.

Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кенже тескөөчүсү Эдил Шайназаров 3 жаштагы Сайидислам Шерзадовдун өмүрүн сактап калды.

2019-жылдын 19-июнь күнү Эдил өз кызматын аткарып жүрүп, жол жээгинде эшиги ачык турган унааны жана канал жээгиндеги жаш бала менен адамдарды байкап жардам берүүгө токтогон. Жанына барганда баланын абалын көрүп дароо  ооруканага алып баруу керек экенин айтып, өзүнүн кызматтык унаасын сунуштап, баланы салып Кара-Суу райондук балдар ооруканасына жеткирген.

Баланын энесиинин айтымында, окуя болгон күнү алар үй-бүлөсү менен Ош шаарынан Кара-Суу району көздөй  унаада бара жатышкан. Ошол учурда баласынын дене табы жогорулап, абалы начарлай баштаган, жарым жолго жеткенде баламдын дене табы жогорулап, эс-учун жоготуп, көгөрүп калды. Алар унааны токтотуп баланы дароо жолдун жээгиндеги сууга алып барып, бети-башына суу чачып жаттышкан. Кайдан жайдан, милиция кызматкери пайда болуп дароо “кеттик ооруканага, менин кызматтык унаам менен барабыз, бат жетебиз” деп, сунуштады. “Мен ошол жерде калып калыптырмын. Алардын артынан унааны айдап, облустук жана башка ооруканалардан издеп жүрө бериптирмин. Баланы жакынкы Кара-Суу райондук балдар ооруканасына алып барышкан экен” – деп сөзүн аяктады. Баланын ата-энеси жол кыймылынын коопсуздугун камсыздап жүрүп, жардам көргөзгөн кызматкерге терең ыраазычылыгын билдиришти.