Кыргыз Республикасынын ИИМнин ЖКККББнын кызматкерлери арасында мини футбол боюнча чемпионат өттүү.

    2019-жылдын 21-июнь күнү ЖКККББдын спорт аянтчасында мини футбол боюнча чемпионат өткөрүлдү. Баардыгы болуп 7 команда катышкан, ар бир оюнчу өз командасы үчүн  татыктуу оюн көргөзө алды. Оюндун жыйынтыгында  1-орунду Чүй облустук ЖКККБ ээлесе, экинчи орунду Бишкек шаардык ЖКККБгы ,  ал эми үчүнчү орунга Баткен облустук ЖКККБ арзыды. Артыкчылык көргөзгөн оюнчулар жана байгелик орунду ээлеген командалардын баардыгы акчалай сыйлыктар жана медаль, ардак грамоталар менен сыйланышты. Бул жыл сайын өткөрүлүүчү спорттук мелдеш. Спорт аркылуу биз командалык күч, биримдүүлүктү,  ден-соолукту чыңдоону жана патриотулукту үйрөнө алабыз. Спорт бул ден-соолуктун булагы!