Жараныбыз Атанбаев Алмазбек Шаршеновичтин транспорт каражатын башкаруу укугунан 1 жылдык мөөнөткө ажыратылганды

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирет, guobdd.kg  расмий сайтынаа жайгаштырылган, жараныбыз Атанбаев Алмазбек Шаршеновичтин транспорт каражатын башкаруу укугунан 1 жылдык мөөнөткө ажыратылгандыгы, ага карата жоопкерчилиги Кыргыз Республикасынын кодексинин 238-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган жол кыймылынын эрежелерин бузгандык маалымат чындыкка жатпайт.

Алсак, "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын кодексинин 238-беренеси 2018-жылдын 31-декабрына чейин иштеген, айдоочунун транспорт каражаттарын алкоголдук, наркотикалык же токсикоманиялык мас абалында айдоосу үчүн жүз эсептешүү көрсөткүчтүн  өлчөмүндө администрациялык айып салууга же бир жылдык мөөнөткө транспорт каражатын айдоо укугун ажыратуу жоопкерчилигин алып келчү.

2019-жылдын 1-январынан тартып, Кыргыз Республикасынын "Бузуулар жөнүндө" кодекси ишке киргизилген, анын 238-беренеси жоопкерчиликти “Акционердик коомдун жетекчиси, акционерлердин жалпы чогулушун өткөрүүнүн мыйзамдарда белгиленген мөөнөттөрүн же тартибин бузгандыгы” үчүн каралат, демек бул норма транспорт каражаттарын башкаруу укугунан ажыратуу менен жол кыймылынын эрежелерин бузууга байланышы жок.

Кыргыз Республикасынын ИИМнин ЖКККББнын сайттынын бузулушу жана туура эмес маалыматтын жайгашуусу боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.