№13 орто мектебинде ыктыярчылар жөө жүргүнчүлөргө  жол кыймылынын коопсуздугун сактоо боюнча үгүт-насаат иш-чараларын өткөрдү

2019-жылдын 13-майында Кыргыз Республикасынын ИИмдин ЖКККББы,  Кыргыз Республикасынын БУУнун балдар фондунун өкүлдөрү  менен биргеликте “Коопсуз мектеп” аталышындагы мамлекеттик программа боюнча №13 орто мектептин алдында окуучуларга жана жөө жүргүнчүлөргө үгүт-насаат иш-чарасы өткөрүлдү.

 Иш-чара жөө жүргүнчүлөргө жолдо жүрүүдө жана өтүүдө  жол кыймылынын эрежелери эскертилди.  Бул  өткөрүлгөн  жер кокустан алынган эмес, себеби мектеп жол жээгинде жайгашкандыктан, балдардын  көбү жолго чуркап чыгып, жабыр тарткан учурлар катталган.

Иш-чаранын жүрүшүндө жаш өспүрүмдөргө   жарык чагылдыруучу билериктер белекке берилип, айдоочуларга “Ылдамдыкты азайт!” аталышндагы  чакырык чаптагычы  таратылды.

Иш-чаранын катышуучулары   мектептен келе жаткан жаш өспүрүмдөр, чоңдор жана велосипед айдаган жөө жүргүнчүлөргө түшүндүү иштерин жүргүзүштү.