2019-жылдын 27-апрель күнү Кыргыз Республикасынын ИИМнин ЖКККББгы «Айым- авто» айымдар клубунун мүчөлөрү, “Дайна-Тур” туристтик фирмасы жана “Карнавал шоу” оюн-зоок тобу менен биргеликте

2019-жылдын 27-апрель күнү  Кыргыз Республикасынын ИИМнин ЖКККББгы  «Айым- авто» айымдар клубунун мүчөлөрү, “Дайна-Тур” туристтик фирмасы жана “Карнавал шоу” оюн-зоок тобу менен биргеликте жаш өспүрүмдөрдүн  жол-транспорттук кырсыкка кабылуусун алдын алуу максактында  100 ашык тарбиялануучулар  тарбияланган жетимдер үчүн Панфилов мектеп-интернатында иш-чара өткөрүлдү .

Айымдар клубунун мүчөлөрү балдар үчүн мастер-класстарды  уюштурушса, ал эми балдар ар кандай темадагы сүрөттөрдү тартуу менен алектенүүгө шарт түзүлдү. “Карнавал шоу” оюн-зоок тобу Жол кыймылынын эрежелери аталышында оюн-зоок программалары менен интерактивдүү оюндарды көрсөтүштү.

ЖКККББнын кызматкерлери болсо,  балдар менен жол коопсуздугу жөнүндө маектешип, жол кыймылынын эрежелери жөнүндөгү суроолорго жооп берип, өз кезегинде алар дагы кызыктуу суроолорду дагы узатып жатышты.

Программанын аягында балдарга  “Дайна-Тур” туристтик фирмасынын өкүлдөрүнүн күчү менен чогултулган буюмдар менен атайын даярдалган белектер тапшырылды.

Мектеп интернатка уюштуруучулар тарабынан алынып келинген үй-тиричилик каражаттары, кеңсе товарлары, китептер, буюмдар жана таттуулар берилди.

Интернаттын жетекчилиги жана балдар иш-чаранын уюуштуруучуларына ыраазычылыктарын билдиришти.