ИИМ “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында төлөмдөрдү кабыл алуунун убактылуу токтоп калышынын мүмкүн болушу жөнүндөгү каттын тарап кетиши тууралуу түшүндүрөт

“Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасы жалпыга маалымдоо каражаттарында тараткан кат-маалымдамасы 24.кg маалыматтык агенттигине жайгаштырылгандыгы боюнча Кыргыз Республикасынын ИИМдин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын төмөнкүлөрдү билдирет:
“Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасынын дарегине 2019-жылдын 26-март күнү №7/2430 чыгыш сандуу каты Кыргыз Республикасынын ИИМдин МТББ менен “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасынын ортосундагы 2019-жылдын 6-февралындагы №7/22-19 сандуу маалыматтык жана технологиялык кызматташуу тууралуу Макулдашуунун алкагында техникалык иштер жүргүзүлүп жаткандыгын маалымдоо ирээтинде жөнөтүлгөн.
Толук жана так эмес маалымат камтыган макалага тактоо киргизүү жана түшүндүрүү максатында ички иштер министрлиги билдирет: жогорудагы макулдашууга ылайык жазуу түрүндө толтурулуп жана “Бузуулардын бирдиктүү реестрине” катталган  бузуулар үчүн айып пулдарды кабыл алуу боюнча маалыматтык топтомтор менен алмашуу ишке ашырылат. Кыргыз Республикасынын ИИМдин МТББ “Коопсуз шаар” долбоору боюнча төлөмдөрдү кабыл алууга тиешеси жок болгондуктан, бул келишим аталган тутум боюнча төлөмдөрдү кабыл алууга жайылтылбайт.
ИИМдин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгы айып пулдардын төлөмдөрүн кабыл алууну банктык жана башка мекемелер аркылуу ишке ашырууга уруксат бербей коюга укугу жок. “Кыргыз почтасы” мамлекеттик ишканасы “K-Pay” тутумунун ар-кандай техникалык мүнөздөгү бузулуулары жаралган учурда төлөмдөрдү колго толтуруп кабыл алууну карап чыгуу керек.