Бишкектен ала качкан студент кызды тескөөчүлөр куткарып калышты 

2019-жылдын 23-март күнү болжол менен саат 16:00 чамасында Чүй ОИИБы боюнча  ЖКККБнын кызматкерлери Бишкек-Ош багытындагы унаа жолдун 80-чакырымында “Хонда Степвагон”   үлүсүндөгү автоунаа уурдалды деген арыздын негизинде издөө иш-чарасын жүрүзүүдө, “Хонда Степвагон” үлгүдөгү унааны токтотушкан, автоунаага тийешелүү документерин  текшерүүдө, ичинен кыздын жардам сурап кыйкырганы угулган. Тескөөчүлөр кыздын жардам сураган үнүн угуп, унааны ачуунун талап кылып, тескөөчүлөр кызды унаадан  алып чыгып кызматтык  унаа менен Чүй  ОИИБнин Жайыл РИИБне жетирип, окуя болгон жерге Чүй ОИИБнин Жайыл РИИБнин    кызматкерлери чакыртылып, кызды ала качкан балдардын өздүгүн тактоо үчүн  Чүй ОИИБнин Жайыл РИИБне жеткирилип, жабырлануучу кыз   арыз жазган.
 Топтолгон маалыматтар тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.