Урматтуу Бишкек шаарынын, Чүй областынын тургундары жана коноктору! 

Үстүбүздөгү жылдын 28-мартында боло турган Россия мамлекетинин  президенти В.В.Путиндин мамлекеттик расмий сапарынын алкагында Бишкек шаарынын негизги көчөлөрүндө жана Чүй областынын жолдорунда 27-28 март күндөрү мезгил мезгили менен убактылуу чектөөлөр киргизилмекчи.
  Аталган иш-чаранын, биздин мамлекет үчүн маанилүү экендигин эске алып, убактылуу чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылып, транспорт каттамдарын алдын ала пландаштыруу керек экендигин эсиңиздерге салабыз.