Чүй облусу боюнча ЖКККБнын  кызматкерлери  Чуүй облустук антикоррипциялык кызматынын кызматкерлери менен биргеликте жасалма документти аныктады


 2019-жылдын 24-марттында болжол менен саат 10:00  чамасында Чүй облусу боюнча ЖКККБнын кызматкерлери  19 жаштагы Т.Р  аттуу жарандын башкаруусундагы “БМВ” үлгүсүндөгү  автоунааны токтокон.  Текшерүу учурунда жогоруда көрсөтүлгөн унаанын мамлекеттик номуру «1414SK» жасалма экендиги аныкталган. Мындан тышкары айдоочу штаттан тышкаркы антикоррупциялык кызматтынын жасалма кызматтык күбөлүгүн көрсөткөн. Текшерүүдө көрсөтүлгөн жаран антикоррупциялык кызматынын штатан тышкаркы кызматкери эместиги аныкталган. 
 Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине катталып,  Кыргыз Республикасынын Кымыш- жаза кодексинин 359-беренеси (жасалма документ) менен сотко чейинки иш-чаралар көрүлүүдө. Азыркы учурда тиешелүү экспертизалар дайындалган.