Кыргыз Республикасынын Жол кыймылынын эрежесинин 3- бөлүгү

Кыргыз Республикасынын Жол кыймылынын эрежесинин 3- бөлүгү Атайын сигналдарды колдонуу” тууралу оперативдүү жана атайын кызматтардын транспорт каражаттарынын айдоочулары кечиктирилгис кызматтык милдеттерди аткарып жатканда көк түстөгү жаркылдоочу маякты иштетүү менен (өрт өчүрүү, медициналык тез жардам жана атайын жаркылдоочу маякты колдонуучу кызматтар) жоболорунан четтей алат, мында кыймылдын коопсуздугу камсыз кылынууга тийиш.

Кыймылдын башка катышуучуларына караганда артыкчылык алуу үчүн мындай транспорт каражаттарынын айдоочулары көк түстөгү жаркылдоочу маякты же үн чыгаруучу атайын сигналды иштетүүгө тийиш. Булар өздөрүнө жол берилип жаткандыгына ынангандан кийин гана артыкчылыктан пайдалана алат.

Ушундай эле укукту оперативдүү жана атайын кызматтардын транспорт каражаттары менен коштолгон транспорт каражаттарынын айдоочулары Эрежелердин ушул пунктунда белгиленген учурларда пайдалана алат.

Көк жана кызыл түстөгү жандырылган маягы жана атайын үн сигналы менен бараткан транспорт каражатты, ошондой эле ал коштоп жүргөн транспорт каражатты (транспорт каражаттарды) кууп өтүүгө тыюу салынат.

Көк түстөгү жаркылдоочу маягы иштеп бир ордунда турган транспорт каражатына жакындаганда айдоочу зарылчылык болсо тез токтой алышы үчүн ылдамдыкты азайтууга тийиш.

Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын мониторинг борборунда келип түшкөн маалыматтардын баардыгына ыйгарым укуктуу кызматкерлер тарабынан юридикалык баа берилет. Мониторинг борборуна келип түшкөн кээ бир маалыматтарда медициналык тез жардам унааларынын көк түстөгү жаркылдоочу маякты иштебей тургандыгынан катталган. Жол эреже бузуулар тууралы токтомду алгандан кийин оперативдүү кызматтардын тийиштүү кызматкерлери жана айдоочулары өздөрүнүн бузуусу боюнча макулдугу болбосо, маселени чечүү үчүн мониторинг борборунун жарандардын кайрылуусу менен иш алып баруу бөлүмүнө кайрылса болот.