Ысык-Көл ОИИБы боюнча ЖКККБнын кызматкерлери тарабынан 2019-жылдын 4-мартынан тарта  «Тонировка» аталышындагы  иш-чара  өткөрүлдү

Иш чаранын жүрүшүндө 300гө жакын айдоочуга ар кандай жол эрежесин бузгандыгы үчүн протоколдор түзүлүп , 30тан ашуун унаа атайын ууна токточуу айып жайга токтотулду.  
Алардын ичинен 15 айдоочуга мас абалда автоунаа каражатын башкаргандыгы үчүн, андан тышкары автоунаасынын мандайкы жана алдынкы терезелерин карангылатып айдап жүргөн 12 айдоочуга протокол түзүлүп, Кыргыз Республикасынын бузуулар кодексинин  129 беренесинин 3 бөлүгү менен ар-бирине 3-категориядагы 5500 сомдон айып  салынып атайын унаа токтотуучу жайга киргизилди .