Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББ кошумча секциясы бар жол чырактары менен орнотулган жол кесилиштерден өтүү боюнча төмөндөгүдөй жооп берет:

Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББ кошумча секциясы бар жол чырактары менен орнотулган жол кесилиштерден өтүү боюнча төмөндөгүдөй жооп берет:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1999-жылдын 4-августундагы №421 «Жолдо жүрүү эрежелерин жана Транспорт каражаттарын пайдаланууга чыгаруу боюнча жана кызмат адамдарынын жолдо жүрүүнүн коопсуздугун камсыздоодогу милдеттери боюнча Негизги жоболорду бекитүү тууралуу» токтому менен бекитилген жолдо жүрүү эрежелеринин 6.1 пунктуна ылайык светофорлордо жашыл, сары, кызыл жана агыш түстөгү жарык сигналдары колдонулат.

Светофордун сигналдары эмнеге арналгандыгына жараша тегерек, стрелка (жаа), жөө адамдын же велосипеддин көлөкөсү жана X түрүндө болушу мүмкүн.

Тегерек сигналдуу светофорлордо жашыл стрелка (жебе) түрүндөгү сигналы бар бир же эки кошумча секциясы болушу мүмкүн, алар жашыл тегерек сигналдын деңгээлинде жайгашат.

Эрежелердин 6.3 пункту төмөндөгүнү баяндайт: светофордун кызыл, сары жана жашыл түстөгү стрелка түрүндө аткарылган сигналдары тиешелүү түстөгү тегерек сигналдар сыяктуу эле мааниге ээ болот, бирок алардын күчү стрелка менен көрсөтүлгөн багыттарга (багытка) гана жайылтылат. Мында солго бурулууга уруксат берген стрелка артка кайрылууга да уруксат берет, бирок буга тиешелүү жол белгиси менен тыюу салынбаган учурда гана уруксат болот.

Кошумча секциядагы жашыл стрелка да ушундай эле мааниге ээ. Кошумча секциянын өчүп турган сигналы бул секция жөнгө салган багыттагы кыймылга тыюу салууну билдирет.

Ошону менен бирге, Эрежелердин 6.2 пунктуна ылайык светофордун тегерек сигналдары төмөнкүдөй маанини билдирет:

Жашыл сигнал жүрүүгө уруксат берет;

Күйүп-өчүп турган жашыл сигнал жүрүүгө уруксат берет жана анын иштеген убактысы бүтүп бараткандыгына жана жакын арада кыймылга тыюу салуучу сигнал күйө тургандыгын маалымдайт (жашыл сигнал күйүп турушунун аягына чейин калган секундалар убактысы жөнүндө айдоочуларга маалымдоо үчүн цифралуу табло колдонулушу мүмкүн);

Сары сигнал кыймылга тыюу салат. Эрежелердин 6.14-пунктунда каралган учурларды кошпогондо, сигналдар алмашканы жаткандыгы жөнүндө да эскертет;

Күйүп-өчүп турган сары сигнал жүрүүгө уруксат берет жана жөнгө салынбаган кесилиш же жөө адам өткөөлү бар экендигин маалымдайт, коркунуч жөнүндө эскертет;

Кызыл сигнал, анын ичинде күйүп-өчүп турган кызыл сигнал кыймылга тыюу салат.

Кызыл жана сары сигналдардын чогуу күйүшү кыймылга тыюу салат жана жашыл сигнал күйгөнү жатканы жөнүндө маалымдайт.

Жогоруда айтылгандын негизинде, унаа каражатынын айдоочусуна светофордун негизги жашыл сигнал күйгөн жана ал сигналда кара түстөгү стрелкалардын жок болгон учурларда тиешелүү жол белгиси менен тыюу салынбаган багыттарда айдоого уруксат.