“Коопсуздук бул-саркеч” аталышындагы үгүт-насаат иш-чарасы

2019-жылдын 2-мартында «Бишкек парк» соода түйүндө “Коопсуздук бул-саркеч”  аталышындагы үгүт-насаат иш-чарасы  өткөрүлдү.  Мындай иш-чара Кыргыз Республикасынын ИИМдин  ЖКККББ жана Бишкек ШИИББнин кызматташуусу менен өттү.

 

  Иш-чарага Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун жашы жете элек өспүрүмдөр иштери менен алектенген тескөөчүлөрүнүн жетекчилиги  астында  Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрү (ЖКТ) жана милициянын жаш досу (МЖД)   катышты.  Анда алар  сапттык тизилүүнү, жол кыймлынын эрежелери  жана  жаман жолдорго барбоого чакырган театралдык оюндарды көрсөтүшү.

 Акциянын максаты- жол кыймылынын чоң жана жаш өспүрүмдөр катышуучуларын жазгы мезгилде  балдар көчөлөрдүн жээгине ойногондо коопсуздугун сактоо жана жол кыймылынын эрежелерин так аткаруу.

 Кыргыз Республикасыныны ИИМдин ЖКККББнын башчысынын орун басары  Сатыбалдиев Нур   жаш өспүрүмдөрдүн сырткы кийимдеринде жарык чагылдыруучу элементти сөзсүз түрдө болуусун жана анын пайдасы тууралуу   айтып берди.  Ошондой эле Бишкек ШИИББнин коопсуздукту камсыз кылуу кызматынын башчысы Иманкадыров Талантбек  ата-энелер балдарга өздөрү туура мисал көрсөтүп, балдардын коопсуздугун камсыз кылуусуна чакырды.

 Иш-чаранын катышуучуларын жана көрүүчүлөрүн  кызыктуу ар кандай сынактар жана белектер күтүп турду.

Өз кезегинде  балдар Жол кыймылынын эрежелерин  жана өзүнүн коопсуздугун сактоого сөз беришти.