Жол кыймылынын эрежелеринде бузууларды фиксациялоочу көчмө аппараттык программалык комплексттерди орноту боюнча маалымат

Жол кыймылынын эрежелерин бузууну фиксациялоочу көчмө аппараттык-программалык комплекстерди орнотуу Кыргыз Республикасынын стандартизация жана метрология улуттук институтун 2018-жылдын 3-июлундагы №35 буйругу менен бекитилген КМС ГОСТ Р 57145-2018 “Атайын техникалык каражаттар, автоматтык режимде иштеген жана болгон функцияаларды фото – жана кино тартуу,көрмө жазуу үчүн контролдоону камсыз кылуу, жол кыймылын. Колдонуу эрежелери’’ Кыргыз Республикасынын аймагында 2018-жылдын 1-ноябрынан тартып улуттук стандарттын талаптары менен жөнгө салынат. Автоматтык режимде иштеген жана фото – жана кино тартуу ,көрмө жазуу үчүн арналган көзөмөлдөөнү камсыз кылуу,функциялары болгон атайын техникалык каражаттарды ,анын ичинде жол кыймылынын белгиленген тартип бузуулар жана жол кыймылы жаатында колдонуу эрежелерин ушул стандарт белгилейт. Бул стандарттын талаптарынын негизинде автоматтык фото -видео фиксациялоочу көчмө техникалык каражаттар жолдун четинде,анын ичинде жол ортосун бөлүүчү жол тилкесинде ортнтулат. Мында ченөөчү жабдуулардын орнотулган чекитинен жол жээгине чейинки аралык 3 метрден кем эмес болушу керек. Жогоруда аталган стандарт менен автоматтык фотовидеофиксациялоочу көчмө техникалык каражаттары менен иштөөдө “Фотовидеофиксация’’ жол белгилерин орнотуу каралган эмес.