«Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына («Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамы

2019-жылдын 7-февралында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган

1-берене

«Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Ведомосттору, 1998-ж., №8, 248-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) Мыйзам төмөнкүдөй мазмундагы 231-статья менен толукталсын:

«231-статья.
Транспорт каражаттарынын менчик ээлеринин укуктары жана милдеттери

1. Транспорт каражаттарынын менчик ээлери төмөнкүлөргө укуктуу:

- төмөнкү маалыматтарды акысыз (бекер) негизде алууга:

транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдан Кыргыз Республикасында транспорт каражаттарын мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) тартиби жөнүндө;

жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдан жол кыймылынын коопсуздугунун талаптарын бузгандыгы үчүн аларга берилген жазалар жөнүндө;

-транспорт каражатын мамлекеттик каттоонун номердик белгисинин цифралык жана (же) тамгалык белгиленишин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте тандап алууга.

2. Транспорт каражаттарынын менчик ээлери төмөнкүлөргө милдеттүү:

-ушул Мыйзамдын 14 жана 24-статьяларында көрсөтүлгөн учурларда транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда транспорт каражаттарын каттатууга (кайра каттатууга);

-транспорт каражатын утилдештирүүгө же жоготууга байланыштуу же болбосо Кыргыз Республикасынын аймагынан тышкары туруктуу жерге чыгарып кетүүнүн алдында анын мамлекеттик каттоосун токтотуу үчүн транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга кайрылууга;

-транспорт каражаттарынын айрым түрлөрүн мамлекеттик каттоо жана эсепке алуу эрежелеринде транспорт каражатын милдеттүү түрдө көрсөтүү каралган учурларда аны ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга көрсөтүүгө;

-фото жана видео жазуу функциялары бар, сертификатталган атайын контролдук-өлчөөчү техникалык каражаттар менен жазылып алынган жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу чөйрөсүндөгү бузуулар үчүн айып пул түрүндө жаза салуу тууралуу өз убагында аткарылбаган токтомдор болгон учурда айып пулдардын суммаларын төлөөгө.»;

2) 24-статья төмөнкүдөй мазмундагы 41-пункт менен толукталсын:

«41.
Транспорт каражаттарын каттоого жана каттоо маалыматтарын өзгөртүүгө төмөнкү учурларда тыюу салынат:

-жаңы транспорт каражаттары үчүн Кыргыз Республикасынын техникалык жөнгө салуучу мамлекеттик тутуму тарабынан таанылган, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин талаптарына ылайык берилген шайкештик сертификаттары жок болгондо;

-ушул Мыйзамдын 16-беренесине ылайык милдеттүү техникалык кароодон өз убагында өтпөгөн, Кыргыз Республикасынын аймагында катталган транспорт каражаттарын кайра каттоого көрсөткөндө;

-тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленүүчү каттоо документтери жок болгондо же жасалма (жалган) документтер көрсөтүлгөндө;

-Кыргыз Республикасынын транспорт каражаттарын каттоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аны каттоодон (кайра каттоодон) өткөрүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө чечим кабыл алганга чейин транспорт каражатын жасоочу тарабынан жазылган номердик агрегаттардын маркировкасын жасалмалоонун, жашыруунун, өзгөртүүнүн жана (же) жок кылуунун кесепетинен транспорт каражатын идентификациялоого мүмкүн болбогондо;

-каттоо документтеринде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен көрсөтүлгөн транспорт каражатынын маркировкалык идентификациялык белгиси бар конструкциянын курамдык бөлүгү алмаштырылганда;

-транспорт каражаты издөөдө болгондо.

Фото жана кино тартуу, видео жазуу функциялары бар, сертификатталган атайын контролдук-өлчөөчү техникалык каражаттарда автоматтык режимде жазылып алынган бузуулар үчүн айып пулдар боюнча транспорт каражатынын ээсинин карызы бар экени тууралуу маалымат автоматташтырылган маалымат тутумунда болгондо, транспорт каражатынын ээси транспорт каражатын, түзүлүштөрдү жана жабдууларды кайра каттоонун алдында ал бузуулар үчүн айып пул төлөөсү зарыл.

Ушул статьяда көрсөтүлгөн бузуулар четтетилгенде транспорт каражатын каттоого же каттоо маалыматтарын өзгөртүүгө уруксат берилет.»;

3) 25-статьяда:

а) 1-пункт «келбеген» деген сөздөн кийин «, анын ичинде ушул статьянын 3-пунктунда каралган» деген сөздөр менен толукталсын;

б) 2-пунктта:

-тогузунчу жана он биринчи абзацтардагы «категориясы» деген сөз «категориячасы» деген сөз менен алмаштырылсын;

-он үчүнчү абзацындагы «С1» категориясы» деген сөздөр «С1» категориячасы» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

-он бешинчи абзацта «категориясы» деген сөз «категориячасы» деген сөз менен алмаштырылсын;

-он сегизинчи абзацтагы «С1Е» категориясы» деген сөздөр «С1Е» категориячасы» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

в) берене төмөнкү мазмундагы 3-пункт менен толукталсын:

«3. Фото жана видео жазуу функциялары бар сертификатталган атайын контролдук-өлчөөчү техникалык каражаттарда автоматтык режимде жазып алынган бузуулар үчүн айып пулдар боюнча арыз ээсинин карызы бар экени тууралуу маалыматтын автоматташтырылган маалымат тутумунда бар болушу айдоочулук күбөлүктү берүүдөн баш тартуу үчүн негиз болуп саналат.»;

4) 26-статья төмөнкү редакцияда баяндалсын:

«26-статья.
Транспорт каражаттарын айдоочуларды даярдоо боюнча негизги талаптар

1. Тиешелүү категориядагы (категориячадагы) транспорт каражаттарын башкарууга укукту медициналык көрсөткүчтөр боюнча тиешелүү категориядагы (категориячадагы) транспорт каражаттарын башкарууга уруксат берилген, транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органда теориялык жана практикалык сынактарды тапшырган, тиешелүү категориядагы (категориячадагы) транспорт каражаттарын айдоочуларды даярдоо программасы боюнча окутуучу (билим берүүчү) уюмдарда тиешелүү окуудан (кайра окуудан) өткөн жарандар алат.

2. Тиешелүү категориядагы (категориячадагы) транспорт каражаттарын айдоочуларды даярдоо программалары билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилген тиешелүү мамлекеттик билим берүү стандарттарынын негизинде окутуучу (билим берүүчү) уюмдар тарабынан иштелип чыгат.

3. Тиешелүү категориядагы (категориячадагы) транспорт каражаттарын башкарууга медициналык каршы көрсөткүчтөр менен чектөөлөр жана медициналык күбөлөндүрүүнү жүргүзүү тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилет.».

2-берене

Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2017-ж., №4, 285-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 15-берененин 1 -бөлүгү төмөнкү редакцияда баяндалсын:

«1. Бузуу жасаган учурда он алты жаш курагына толгон жеке жактар (жаран, чет өлкөлүк адам, жарандыгы жок адам) бузуу жасагандыгы үчүн жоопкерчиликке тартылууга жатат.»;

2) 27-берененин 3-бөлүгү төмөнкү мазмундагы абзац менен толукталсын:

«119 - 1201, 128 жана 130 - 135-беренелерди кошпогондо, 19-главада каралган бузуулар үчүн юридикалык жактарга карата жеке жактар үчүн көрсөтүлгөн айып пулдардын өлчөмдөрү колдонулат.»;

3) 28-берененин 2-бөлүгүндө:

а) 3-пункт төмөнкү редакцияда баяндалсын:

«3) атайын токтотуучу жайларга транспорт каражаттарын мажбурлап эвакуациялоо, дөңгөлөктөргө блокираторлорду же шаймандардын башка түрлөрүн колдонуу;»;

б) бөлүк төмөнкү мазмундагы 4-пункт менен толукталсын:

«4) транспорт каражатын башкаруудан четтетүү.»;

4) 31-беренеде:

а) аталышы «блокираторлорун» деген сөздөн кийин «же шаймандардын башка түрлөрүн» деген сөздөр менен толукталсын;

б) 2-бөлүк төмөнкү мазмундагы экинчи сүйлөм менен толукталсын: «Шаймандардын башка түрлөрү рулдук башкарууну жана газдын педалын блокировкалоо үчүн (мотоцикл, трицикл, квадроцикл жана башка мототранспорт үчүн) колдонулат.»;

в) 5-бөлүк «дөңгөлөктөргө блокираторлорду» деген сөздөрдөн кийин «же шаймандардын башка түрлөрүн» деген сөздөр менен толукталсын;

5) Кодекс төмөнкү мазмундагы 311-берене менен толукталсын:

«311-берене. Транспорт каражатын башкаруудан четтетүү

1. Транспорт каражатын башкаруудан четтетүү - бул бузууларды болтурбоо (токтотуу) максатында транспорт каражатын башкарууга убактылуу тыюу салуу.

2. Жеке жактар транспорт каражатын башкаруудан төмөнкү учурларда четтетилет:

1) эгерде транспорт каражатын башкарган адамда транспорт каражатынын катталганы жөнүндө күбөлүк, тийиштүү категориядагы айдоочулук күбөлүгү жок болсо;

2) эгерде транспорт каражатын башкарган адам жараксыз айдоочулук күбөлүктү алып жүрсө;

3) эгерде транспорт каражатын мамлекеттик каттоонун номердик белгилери же алардын бири жок болсо, анын ичинде эгерде алар стандарттуу эмес (жасалма) болсо же болбосо башка транспорт каражатына берилген (жалган) болсо;

4) эгерде транспорт каражатынын кузовунун жана шассисинин номери ошол транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүктөгү маалыматтарга шайкеш келбесе;

5) эгерде транспорт каражатын мас абалдагы адам башкарып баратса жана бул медициналык күбөлөндүрүүнүн, анын ичинде атайын техникалык каражаттарды колдонуу менен жүргүзүлгөн күбөлөндүрүүнүн натыйжалары менен ырасталса же болбосо бул адам күбөлөндүрүүдөн өтүүдөн баш тартса;

6) эгерде транспорт каражатына жабдууларды орнотуу же аны кайра жабдуу ченемдик талаптарды бузуу менен жүргүзүлсө, анын ичинде, эгерде транспорт каражаты атайын үндүү (көп сигналдуу) сигнализация же жаркылдап туруучу жарык сигнал менен жабдылса, же болбосо айнегине пайдаланууга тыюу салынган пленка капталса;

7) аларды жүктөө учурунда уруксат берилген габариттердин параметрлеринин, жүк менен бирге огуна туура келүүчү салмактын жана массанын талаптары бузулган ири габариттүү же оор салмактуу транспорт каражаттарын жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорунда башкарууда;

8) ушул Кодекстин 19-главасында каралган бузуулар болгон учурда ушул Кодекстин 342-беренесинин 1-бөлүгүндө белгиленген айып пулдарды төлөө мөөнөтү бузулса.

3. Транспорт каражатын башкаруудан четтетүү мындай четтетүүнүн бардык себептери толугу менен жоюлганга чейин адамдын транспорт каражатын башкаруусуна тыюу салуу жана жол бербөө аркылуу ишке ашырылат.

4. Транспорт каражатын башкаруудан четтетүү жөнүндө ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кызматкери тарабынан бузуу жөнүндө протоколго тийиштүү жазуу жазылат, ал эми ушул берененин 2-бөлүгүнүн 8-пунктунда каралган учурда өзүнчө протокол түзүлөт жана транспорт каражатын башкаруудан четтетүү түрүндөгү кошумча укуктук чара колдонуу жөнүндө токтом чыгарылат.

5. Айдоочу транспорт каражатын башкаруудан четтетилген учурда ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган иш боюнча чечим чыгарылганга жана транспорт каражатын башкаруудан четтетүү үчүн негиз болгон себептер жоюлганга чейин транспорт каражатын убактылуу сактоо үчүн атайын (айыптык) токтотуучу жерге жеткирет.»;

6) 19-главада:

а) эскертүүдө:

-2-бөлүктө «жана 120-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер мамлекеттик менчикте турган объекттер жагынан автомобиль транспорту чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган» деген сөздөр «- 1201-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер мамлекеттик менчикте турган объекттер жагынан ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жана транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

-3-бөлүктө «-128» деген цифралар «, 122, 1221 - 129, 131 жана 132» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

-4-бөлүктө:

«129 - 135-беренелеринде» деген сөздөр «135-беренеде» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

«автомобиль транспорту» деген сөздөр «транспорт» деген сөз менен алмаштырылсын;

-эскертүү төмөнкү мазмундагы 5 жана 6-бөлүктөр менен толукталсын:

«5. Ушул Кодекстин 1221, 130, 133 жана 134-беренелеринде каралган бузуулар жөнүндө иштер ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жана транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.

6. Ушул Кодекстин 121-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган бузуулар жөнүндө иштер ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган жана транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан каралат.»;

б) глава төмөнкү мазмундагы 1191-берене менен толукталсын:

«1191-берене.
Автомобиль жолдорун, көчөлөрдү, темир жол өткөөлдөрүн жана башка жол курулмаларын күтүү эрежелерин бузуу

1. Жолдордо жумуштарды жүргүзүү, жолдорду, темир жол өткөөлдөрүн жана жол курулмаларын күтүү боюнча талаптарды, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу эрежелеринде белгиленген башка талаптарды аткарбоо, -

4-категориядагы айып пул салууга алып келет.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган, жабырлануучунун саламаттыгына жеңил зыян келтирген, транспорт каражатына, жүктөргө, жолдорго, жолдогу жана башка курулмаларга же башка мүлккө зыян келтирген жол-транспорт кырсыгына алып келген аракеттер, -

6-категориядагы айып пул салууга алып келет.»;

в) глава төмөнкү мазмундагы 1201-берене толукталсын:

«1201-берене.
Жолдун жүрүүчү бөлүгүндө жайгашкан кароочу кудуктарды, жер алдындагы коммуникацияларды күтүү эрежелерин бузуу

1. Жолдун жүрүүчү бөлүгүндө жайгашкан кароочу кудуктарды, жер алдындагы коммуникацияларды күтүүнүн эрежелерин бузуу, ага тете жолдун үстүңкү бетине суунун, техникалык суюктуктардын, буунун чыгышына жана ушул себептен улам жол бетинин бузулушуна, муздун пайда болушуна, көрүүнүн чектелишине жана башка тоскоолдуктарга алып келген жер астындагы коммуникациялардын бузуктарын оңдоо үчүн чара көрбөө, -

4-категориядагы айып пул салууга алып келет.

2. Ушул берененин 1-бөлүгүндө каралган, жабырлануучунун саламаттыгына жеңил зыян келтирүү, транспорт каражаттарын, жүктөрдүн жана башка мүлктү бузуу менен жол-транспорт кырсыгына алып келген бузуу, -

6-категориядагы айып пул салууга алып келет.»;

г) 121-беренеде:

-4 жана 5-бөлүктөр төмөнкү редакцияда баяндалсын:

«4. Транспорт каражатын номери жок, жасалма же жалган мамлекеттик каттоонун номердик белгилери (белгиси) менен башкаруу, ага тете транспорт каражатын мамлекеттик каттоонун номердик белгисин идентификациялоого тоскоолдук жараткан же аны өзгөртүүгө, же жашырууга мүмкүндүк берген түзүлүштөр жана материалдар колдонулган мамлекеттик каттоонун номердик белгиси (белгилери) менен башкаруу, -

5-категориядагы айып пул салууга алып келет.

5. Мотошлемдерди же коопсуздук курларын пайдалануу эрежелерин бузуу, -

1-категориядагы айып пул салууга алып келет.»;

-берене төмөнкү мазмундагы 6-бөлүк менен толукталсын:

«6. Ыйгарым укуктуу адамдын пайдаланууга тыюу салынган техникалык бузугу бар же милдеттүү техникалык кароодон өтпөгөн же болбосо белгиленген тартипте катталбаган транспорт каражатынын жол кыймылына катышуусуна жол берүүсү, -

5-категориядагы айып пул салууга алып келет.»;

д) глава төмөнкү мазмундагы 1221 жана 1222-беренелер менен толукталсын:

«1221-берене.
Транспорт каражатынын айдоочусунун ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлеринин транспорт каражатын токтотуу жөнүндө талаптарын аткарбоосу

Транспорт каражатынын айдоочусунун ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын жана транспорт чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлеринин транспорт каражатын токтотуу жөнүндө талаптарын аткарбоосу, -

3-категориядагы айып пул салууга алып келет.

1222-берене.
Транспорт каражатынын айдоочусунун жараксыз айдоочулук күбөлүктү көрсөтүүсү

Транспорт каражатынын айдоочусунун жараксыз айдоочулук күбөлүктү көрсөтүүсү жана бул фактынын андан кийин да белгиленүүсү, -

5-категориядагы айып пул салууга алып келет.»;

е) 123-берене төмөнкү редакцияда баяндалсын:

«123-берене.
Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын кыймылдын белгиленген ылдамдыгынан ашуусу

1. Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын кыймылдын белгиленген ылдамдыгынан 10 км/сааттан көп, бирок 20
км/сааттан көп эмес ашуусу,-

1-категориядагы айып пул салууга алып келет.

2. Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын кыймылдын белгиленген ылдамдыгынан 20 км/сааттан көп, бирок 40
км/сааттан көп эмес ашуусу,-

2-категориядагы айып пул салууга алып келет.

3. Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын кыймылдын белгиленген ылдамдыгынан 40 км/сааттан көп, бирок 60
км/сааттан көп эмес ашуусу,-

3-категориядагы айып пул салууга алып келет.

4. Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын транспорт каражатынын кыймылынын белгиленген ылдамдыгынан 60 км/сааттан көп ашуусу,-

4-категориядагы айып пул салууга алып келет.»;

ж) глава төмөнкү мазмундагы 1231-берене менен толукталсын:

«1231-берене.
Транспорт каражаттарынын айдоочуларынын жол кыймылынын эрежелерин бузуусу

1. Жол белгилеринин же болбосо жолдун жүрүүчү бөлүгүндөгү чийиндердин талаптарын аткарбоо, токтоо же токтоп туруу эрежелерин бузуу, анын ичинде маршруттук транспорт каражаттары үчүн тилкеде токтоо же токтоп туруу; жүктөрдү ташуу же болбосо транспорт каражаттарын сүйрөтүү эрежелерин бузуу, айдоочунун транспорт каражатында жүрүп баратканда колдун жардамысыз сүйлөшүүгө мүмкүндүк берүүчү, техникалык түзүлүштөр менен жабдылбаган байланыш каражаттарынан пайдалануу эрежелерин бузуу (кечиктирилгис кызматтык милдеттерин аткарып жаткан убакта атайын транспорт каражаттарынын айдоочуларын кошпогондо); коопсуз дистанцияны, интервалды сактабоо же болбосо жолдун жүрүүчү бөлүгүндө транспорт каражаттарын жайгаштырууну бузуу же автомагистралда жүрүү эрежелерин бузуу; айдоону үйрөтүү эрежелерин бузуу; жол белгилери же жолдун жүрүүчү бөлүгүнүн чийиндери менен белгиленген стоп-линиянын алдында токтоо жөнүндө Жол кыймылынын эрежелеринин талаптарын светофордун тыюу салуучу сигналы же болбосо жөнгө салуучунун тыюу салуучу жаңсоосу болгондо аткарбоо; жөө жүрүүчүнүн өткөөлдөрдөн өтүү эрежелерин бузуу, жөө жүрүүчүнүн өткөөлдөрүндө жөө жүрүүчүгө артыкчылыктарды бербөө же ага тете тротуар менен же болбосо жөө жүрүүчүнүн же велосипедчендин жолунда жүрүү; жол кесилиштеринен өтүү эрежелерин бузуу же светофордун же болбосо жөнгө салуучунун тыюу салуучу сигналына, жаңсоосуна карабай өтүп кетүү; каршы кыймылдын тилкесине чыкпай туруп, кууп өтүү же маневр жасоо эрежелерин бузуу; автомобиль жолдоруна айдоочулар, жүргүнчүлөр же жол кыймылынын башка катышуучулары тарабынан таштандыларды жана башка предметтерди ыргытуу (таштап салуу, үйүп салуу, өрттөө); тышкы жарык берүүчү приборлорду же болбосо эскертүүчү сигналдарды пайдалануу эрежелерин бузуу, -

2-категориядагы айып пул салууга алып келет.

2. Каршы кыймыл тилкесине чыгуу менен кууп өтүүнүн же болбосо маневр жасоонун эрежелерин бузуу; жалпы пайдалануудагы транспорт каражаттарына артыкчылык бербөө, анын ичинде жалпы пайдалануудагы транспорт каражаттарынын токтоочу жерлеринен өтүү эрежелерин бузуу; кыймылдаткычтын иштетилген газдарын чыгаруучу тутумунун үнүнүн (күрүлдөшүнүн) деңгээлин күчөтүү үчүн кайра жабдуу, ага тете жабдууларды орнотуу, -

3-категориядагы айып пул салууга алып келет.

3. Атайын жарык берүүчү жана үн чыгаруучу сигналдык түзүлүштөрдү иштетүү менен жүрүп бараткан транспорт каражаттарынын кыймылына артыкчылык бербөө, -

5-категориядагы айып пул салууга алып келет.

4. Жол кыймылынын эрежелеринде белгиленген балдарды ташуу боюнча талаптарды бузуу, -

жеке жактарга 2-категориядагы айып пул салууга алып келет.

Эскертүү. 1. Жол кыймылынын катышуучулары жолдун кайсы жеринде турганына, ошондой эле светофордун сигналдарынын, жол белгилеринин же болбосо жол чийиндеринин талаптарына карабастан жөнгө салуучунун сигналдарынын жана буйруктарынын талаптарына баш ийүүгө милдеттүү.

2. Ыкчам жана атайын кызматтардын транспорт каражаттарынын айдоочулары жарык берүүчү маяктарын күйгүзүп, кечиктирилгис кызматтык милдеттерин аткаруу менен ушул берененин талаптарын (жөнгө салуучунун сигналдарынан тышкары) аткарбашы мүмкүн. Алар кыймыл учурунда мындай артыкчылыкты өздөрүнө жол бошотуп берип жатканына ынанганда гана пайдалана алат.»;

з) 128 жана 129-беренелер төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

«128-берене.
Мас абалындагы айдоочунун транспорт каражатын башкаруусу, мас абалындагы адамга транспорт каражатын башкарууга берүү

1. Алкоголь, баңги зат, психотроптук жана башка маң кылуучу заттар менен мас болгон абалдагы айдоочунун транспорт каражатын башкаруусу, -

8-категориядагы айып пул салууга алып келет.

2. Алкоголь, баңги зат, психотроптук жана башка маң кылуучу заттар менен мас болгон абалдагы адамга транспорт каражатын башкарууга берүү, -

7-категориядагы айып пул салууга алып келет.

3. Айдоочунун белгиленген тартипке ылайык алкоголь, баңги зат, психотроптук жана башка маң кылуучу заттар менен мас абалын күбөлөндүрүүдөн баш тартуусу, -

8-категориядагы айып пул салууга алып келет.

129-берене.
Ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен тиешелүү макулдашуусу жок кайра жабдылган транспорт каражатын башкаруу

1. Айдоочунун тиешелүү макулдашуусу жок кайра жабдылган же транспорт каражатынын конструкциясында каралбаган кошумча жабдуулар орнотулган транспорт каражатын башкаруусу, -

3-категориядагы айып пул салууга алып келет.

2. Сыртына ыкчам кызматтардын транспорт каражаттарынын атайын түстүү графикалык схемалары мыйзамсыз түшүрүлгөн же атайын үн чыгаруучу же жарык берүүчү сигналдар орнотулган же болбосо ар кандай түрдөгү жазуулар, сүрөттөр, фотосүрөттөр түшүрүлгөн транспорт каражатын башкаруу, -

3-категориядагы айып пул салууга алып келет.

3. Айдоочунун маңдайкы айнеги жана (же) алдыңкы эшиктин каптал айнектери күңүрттөлгөн, анын ичинде кустардык, өнөр жайлык түрдө даярдалган же болбосо аларда пардалар пайдаланылган же айнектеринде чагылышкан күңүрттөөчү жабуусу бар транспорт каражатын башкаруусу,-

3-категориядагы айып пул салууга алып келет.

Эскертүү. 1. Транспорт каражаттарынын айнектеринин жарык өткөрүүсү (күңүрттөлүүсү) Бажы бирлигинин Техникалык регламентинин талаптарына ылайык келүүсү керек.

2. Ушул ченем тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан белгиленген атайын автомашиналарга жайылтылбайт.»;

7) 303-берененин 2-бөлүгү «Бул маалыматтар» деген сөздөрдөн кийин «кагаз түрүндө же электрондук формада түзүлгөн, электрондук колтамга менен күбөлөндүрүлгөн» деген сөздөр менен толукталсын;

8) 305-берене төмөнкү редакцияда баяндалсын:

«305-берене. Атайын техникалык каражаттар

1. Метрологиялык сыноодон өткөн жана тиешелүү сертификаты бар өлчөөчү приборлор атайын техникалык каражаттар болуп саналат.

2. Жол кыймылынын эрежелерин бузууларды аныктоо үчүн колдонулуучу фото жана кино тартуу, видео фиксациялоо функциялары бар атайын техникалык каражаттар автоматташтырылган маалыматтык тутумга интеграцияланууга тийиш.

3. Ушул берененин 1 жана 2-бөлүктөрүндө көрсөтүлгөн атайын техникалык каражаттардын көрсөтүүлөрү бузуулар жөнүндө протоколдо жана бузуулар жөнүндө иш боюнча токтомдо чагылдырылат.

4. Атайын контролдук-өлчөөчү техникалык каражаттардын көрсөтүүлөрү ушул Кодекстин 312-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган тартипте бузуу жөнүндө иштер боюнча токтомдо чагылдырылат.»;

9) 309-берененин 1-бөлүгү төмөнкү редакцияда баяндалсын:

«1. Бузуу жасалганда ыйгарым укуктуу орган тарабынан кагаз түрүндөгү протокол түзүлөт же электрондук колтамга менен күбөлөндүрүлгөн бузуу жөнүндө протоколдун электрондук формасы пайдаланылышы мүмкүн.»;

10) 310-берененин 1-бөлүгүнүн 2-пункту төмөнкү мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:

«Жазуу түрүндөгү форма менен катар электрондук колтамга менен күбөлөндүрүлгөн бузуу жөнүндө протоколдун электрондук формасы пайдаланылышы мүмкүн.»;

11) 329-берененин 1-бөлүгүндөгү «иш боюнча» деген сөздөрдөн кийин «кагаз түрүндө же болбосо электрондук колтамга менен күбөлөндүрүлгөн электрондук документ формасында» деген сөздөр менен толукталсын;

12) 45-глава төмөнкү мазмундагы 3311-3314-беренелер менен толукталсын:

«3311-берене.
Бузуу жөнүндө иштер боюнча документтерди тапшыруу

1. Ушул Кодексте белгиленген учурларда бузуулар жөнүндө иштер боюнча документтер (аныктамалар, протоколдор, токтомдор, буйруктар) бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштүн катышуучуларына «Почта байланышы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында каралган заказдык почта жөнөтмөсү аркылуу ыйгарым укуктуу орган (ыйгарым укуктуу адам) тарабынан жиберилет же болбосо ыйгарым укуктуу кызмат адамынын өзү тарабынан тапшырылат.

2. Бузуу жөнүндө иш боюнча документ тиешелүү ыйгарым укуктуу органдын адамдары тарабынан анын төмөнкүдөй жеткирилгени тууралуу кабарландырылган учурдан тартып тапшырылды деп эсептелет:

1) өзүнө карата бузуу жөнүндө иш боюнча документтер түзүлгөн адамга жеке тапшырылганда;

2) өзүнө карата бузуу жөнүндө иш боюнча документтер түзүлүп жаткан адамдын үй-бүлөсүнүн жашы жеткен мүчөлөрүнүн бирине, ошондой эле ал катталган жеринде жашаган башка адамдарга жеке тапшырылганда.

3312-берене.
Бузуулар жөнүндө иш боюнча документти кабыл алуудан баш тартуу

1. Өзүнө карата бузуу жөнүндө иш боюнча документ түзүлгөн адам же анын үй-бүлөсүнүн жашы жеткен мүчөлөрү, ошондой эле өзүнө карата бузуу жөнүндө иш боюнча документтер түзүлүп жаткан адамдын катталган жеринде жашаган башка адамдар бузуу жөнүндө иш боюнча документти кабыл алуудан баш тарткан учурда, документти алып барган адам ага тиешелүү белги коюу менен аны жөнөткөн ыйгарым укуктуу органга (кызмат адамына) кайра кайтарат. Мындай учурда бузуулар жөнүндө иш боюнча документ расмий тартипте тапшырылды деп эсептелет.

2. Бузуулар жөнүндө иш боюнча документ даректелген адамдын документти кабыл алуудан баш тартуусу ишти кароо же болбосо айрым процесстик иш-аракеттерди жасоо үчүн тоскоолдук болуп саналбайт.

3313-берене. Кабарландыруу

Ыйгарым укуктуу орган (кызмат адамы) ишти кароо же башка процесстик аракеттерди жүзөгө ашыруу башталганга чейин жыйырма төрт сааттан кечиктирбестен кабарландыруу аркылуу бузуулар жөнүндө иш боюнча өндүрүштүн катышуучуларына ишти кароонун датасы жана орду, айрым процесстик иш-аракеттер тууралуу билдирет, аларды ишти кароого же башка процесстик иш-аракеттерди жүзөгө ашырууга катышууга чакырат.

3314-берене.
Фото жана кино тартуу, видео фиксациялоо функциялары бар атайын техникалык каражаттардын жардамы менен аныкталган бузуулар жөнүндө иштер боюнча өндүрүштү жүргүзүүнүн өзгөчөлүгү

1. Ушул Кодексте жоопкерчилик каралган бузуулар фото жана кино тартуу, видео фиксациялоо функциялары бар атайын техникалык каражаттардын жардамы менен аныкталганда атайын техникалык каражаттардан алынган маалыматтар (сертификацияланган программалык камсыз кылуу аркылуу электрондук форматта реалдуу убакыт режиминде) бузуу жасаган адамдын катышуусуз электрондук токтом түзүү (толтуруу) үчүн тиешелүү ыйгарым укуктуу органдын автоматташтырылган маалыматтык тутумуна (маалымат базасына) жиберилет. Реалдуу убакыт режиминде бузуу жөнүндө электрондук токтом толтурулгандан (түзүлгөндөн) кийин ал «Электрондук колтамга жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте аткаруу бийлигинин тиешелүү органынын тиешелүү ыйгарым укуктуу кызмат адамынын электрондук колтамгасы менен бекитилет.

2. Аткаруу бийлигинин тиешелүү органынын автоматташтырылган маалыматтык тутумунун маалыматтарынын негизинде транспорт каражатынын менчик ээсине карата бузуу жөнүндө токтом толтурулат (түзүлөт).

3. Ушул Кодекстин 19-главасында каралган маалыматтарга толуктоо иретинде бузуу жөнүндө токтомдо төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

1) бузууну табуу үчүн пайдаланылган атайын техникалык каражаттардын (бузуу жасалган фактыны далилдеген жана ээси (менчик ээси) жөнүндө маалыматтарды ырастаган фото жана видео материалдар) жардамы менен алынган маалыматтар;

2) бузуу жөнүндө электрондук токтомго байланыштуу өтүнүч каттарды берүүнүн тартиби;

3) айып пулдун суммасы жана аны төлөөнүн тартиби.

4. Ушул Кодексте каралган бузуулардын фото материалдары жана видео жазуулары бузуу жөнүндө тиешелүү иш боюнча өндүрүш аяктаганга чейин сакталат.

5. Фото жана кино тартуу, видео фиксациялоо функциялары бар атайын техникалык каражаттардын жардамы менен аныкталган бир эле бузуу үчүн бузуу жөнүндө токтомду кайталап түзүүгө тыюу салынат. Бузууларды фото жана кино тартуу, видео фиксациялоо функциялары бар иштеп жаткан атайын техникалык каражаттар орнотулган жерлерде электрондук токтом гана түзүлөт.

6. Өзүнө карата бузуу жөнүндө токтом түзүлгөн адам ага макул болбогон учурда ыйгарым укуктуу органга өтүнүч кат менен кайрыла алат. Өтүнүч кат бузуу жөнүндө токтом тапшырылган күндөн тартып он күндүн ичинде жеке өзү тарабынан тапшырылышы, почта же интернет маалыматтык-коммуникациялык тармагы аркылуу жөнөтүлүшү мүмкүн.»;

13) 342-беренеде:

а) 1-бөлүктүн биринчи абзацында «бузуучуга -» жана «бузуучу тарабынан» деген сөздөр алып салынсын;

б) берене төмөнкү мазмундагы 4 жана 5-бөлүктөр менен толукталсын:

«4. 119 – 1201-беренелерди, 121-берененин 4-бөлүгүн, 128 жана 130-135-беренелерди кошпогондо, 19-главанын беренелеринин санкцияларында көрсөтүлгөн бузуулар үчүн айып пул аны салуу жөнүндө токтом алынган учурдан тартып он беш календардык күндүн ичинде төлөнгөн учурда, айып пулдардын көлөмдөрү 50 пайызга азайтылат.

5. Ушул Кодекстин 312-беренесинин 1-бөлүгүнүн талаптарына ылайык аныкталган бузууларды жасагандыгы үчүн салынган айып пулдарды кошпогондо, ушул Кодекстин 19-главасында каралган жол кыймылынын коопсуздугу жана транспорт каражаттарын эксплуатациялоо чөйрөсүндө бузууларды жасагандыгы үчүн өндүрүлгөн, республикалык бюджетке чегерилген айып пулдардын суммасынан 25 пайыз акча каражаты Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктаган тартипте ички иштер органдарынын жол кыймылынын коопсуздугу бөлүмдөрүн материалдык-техникалык жактан камсыз кылууну жакшыртууга жана алардын кызматкерлерин материалдык стимулдаштырууга жумшалат.

Ушул Кодекстин 312-беренесинин 1-бөлүгүндө белгиленген тартипте аныкталган бузууларды жасагандыгы үчүн өндүрүлгөн айып пулдардын суммасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилеген тартипте түзүлөт жана пайдаланылат.».

14) 48-глава төмөнкү мазмундагы 3451-берене менен толукталсын:

«3451-берене.
Алкоголь, баңги зат, психотроптук жана башка маң кылуучу заттар менен мас болгон абалды аныктоону күбөлөндүрүү

1. Транспорт каражатын башкарган адамдын мас абалында экендигинин ачык белгилери болсо, анын мас абалын күбөлөндүрүү үчүн атайын техникалык каражаттар колдонулат. Бул адам атайын техникалык каражаттарды пайдалануу менен мас абалын күбөлөндүрүүдөн баш тартканда же болбосо мындай күбөлөндүрүүнүн жыйынтыгы менен макул болбогондо, ал медициналык күбөлөндүрүүгө жиберилет.

Күбөлөндүрүүгө жөнөтүүнүн тартиби жана күбөлөндүрүү жүргүзүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталат.

2. Мас абалын күбөлөндүрүү үчүн атайын техникалык каражаттарды колдонуу жөнүндө же медициналык күбөлөндүрүүгө жиберүү жөнүндө протокол түзүлөт, анын көчүрмөсү өзүнө карата ушундай чара көрүлүп жаткан адамга тапшырылат.

3. Мас абалын күбөлөндүрүү үчүн атайын техникалык каражаттарды колдонуу жөнүндө же медициналык күбөлөндүрүүгө жиберүү жөнүндө протоколдо төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

1) протоколдун түзүлгөн орду, датасы жана убактысы;

2) протоколду түзгөн адамдын кызмат орду, фамилиясы, аты-жөнү;

3) мас абалын күбөлөндүрүүгө негиздер;

4) транспорт каражатын башкарган адам жөнүндө маалыматтар;

5) транспорт каражатынын тиби, маркасы, модели, мамлекеттик каттоонун номердик белгиси жана идентификациялоонун башка белгилери жөнүндө маалыматтар.

4. Мас абалын күбөлөндүрүү үчүн атайын техникалык каражаттарды колдонуу жөнүндө же медициналык күбөлөндүрүүгө жиберүү жөнүндө протоколго аны түзгөн кызмат адамы, ошондой эле өзүнүн мас абалын күбөлөндүрүү үчүн атайын техникалык каражаттар колдонулган же медициналык күбөлөндүрүүгө жиберилген айдоочу кол коёт. Айдоочу протоколго кол коюудан баш тартканда бул тууралуу протоколго тиешелүү жазуу жазылат. Айдоочу протоколдун мазмуну боюнча түшүндүрмө берүүгө жана пикирин айтууга, ошондой эле ага кол коюудан баш тартуусунун себептерин көрсөтүүгө укугу бар. Мындай түшүндүрмөлөр жана пикирлер протоколго тиркелет. Протоколдун көчүрмөсү айдоочуга берилет.

5. Мас абалын медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө акт тиешелүү протоколго тиркелет.».

3-берене

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

 

Кыргыз Республикасынын

Президенти            С.Жээнбеков

 

Бишкек ш., 2019-жылдын 21-февралы, №29