Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББ бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүн белгиледи


 Кыргыз Республикасынын ИИМдин  ЖКККББы  бүгүн бүткүл дүйнөлүк эне тил күнүнө карата иш чара өткөрдү. Башка кечелерден айырмаланып мында ушул жамаата эмгектенип жаткан башка улутттун өкүлдөрү катышып, өз эне тилдеринде саламдашып, өз эне тилинин улуулугун даңазалаган көркөм окууларды окушуп, ыр ырдап, улуттук бийлерин, маданиятын тартуулашты. Ошондой эле кереметтүү кыргыз комуз күүлөрү чертилип, көркөм окуулар жаңырды. Учурда ЖКККББда көп улуттардын өкүлдөрү эмгектенишет, бүгүн алар өз элинин тилин, маданиятын даңазалап жатышат”, -деди кеченин уюштуруучусулары. Кече “Эне-тил” ырынын ырдоо менен жыйынтыкталды. Белгилей кетсек, 1999-жылы ЮНЕСКО эл аралык уюму тарабынан 21-февраль эне тил күнү деп жарыяланган.