Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын кызматкерлери 2018-жылдын 12 ай ичинде 391193 жол кыймылынын эрежесин бузууну аныктады

 

Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын үгүт-насаат иш-чаралары жана административдик чараларды көрүүнүн  таасир этүүсүнүн жыйынтыгында жол кыймылынын эрежелерин бузуучуларын,  республиканын унаажолдорунда авариялык кырдаалдарды турукташтыруу ишке ашты. 

 2018-жылдын ичинде унаажолдордо жана көчөлөрдө,  алты миң жол унаа кырсыгы катталып,  бул мурдакы жылга салыштырмалуу жол унаа кырсыгы -5,5% азайган. Жол унаа кырсыгынан каза болгондордун саны-21,0% азайды, жаракат алгандардын саны -4,2% азайды. 

 Белгилей кетчү нерсе, балдардын өмүрүнө жана ден-соолугуна чоңдор жоопкерчиликтүү.  Балдардын  жол унаа кырсыгына учураганы чоңдордун айынан, балдарды көзөмөлгө албагандыгы,  үйрөтүүнүн ордуна,  чоңдор балдардын алдында   жол кыймылынын эрежелерин бузуп  өздөрү туура эмес үлгү көрсөтүүдө.  

 Жаш өспүрүмдөрдүн катышуусундагы жол унаа кырсыгы 1500 жакын катталган, 0,9% азайды, 80 ашуун жаш өспүрүм каза болсо, 1500 бала ар кандай оор жаракаттарды алган.

 Биринчи жолу статистикалык анализдин көрсөткүчү  кырсыктын жана жол унаа кырсыгынын азайуусун көрсөттү. 

Биринчи жолу жаш өспүрүмдөр катышкан жол унаа кырсыгы 80ге чейин азайды. 

Өткөн жылда ЖКККББнын кызматкерлери тарабынан 995795 административдик протоколдор түзүлдү. 

Негизги эреже бузууну аныктоодо төмөнкүлөр болду;

 Унаа каражатын мас абалда башкаруу  боюнча -11593;

Ылдамдыкты жогорулатуу  боюнча -116289;

Кесилиштерден өтүү эрежесин бузуу,  ашуу жана маневр жасоо, кыймылдын каршы тилкесине чыгуу, жол белгилеринин талаптарын  сактабоо, токтоо жана унаа токтотуучу жайдын эрежеси бузуу- 30774;

Унаа каражатын караңгылатуу боюнча- 2804;

 Унаа каражатынын мамлекеттик номурун өз эрки менен чечүү - 1684;

 ИИОнун кызматкерлерине баш ийбөө  -2011;

Жөө жүргүнчүлөр тарабынан бузуулар- 2757;

 Унаа каражатын башкарууда, документтин жоктугу- 17344;

Башка  жол кыймылынын эрежелерин бузуу- 810539;

Атайын айып унаа токтотуучу жайга 41612 унаа каражаты токтотулду. 

2018-жылдын 12 ай ичинде  ар кандай мыйзам бузуулар жана кызматтык тартипте тартиптик жазаны 700гө жакын  бөлүмдүн кызматкерлери жазага тартылды.  2018-жылдын ыкчам жыйындын жыйынтыгы менен ЖКККББнын бөлүмдөрүнүн  20 кызматкери  тартиптик жазага тартылды.