Кызматкерлер окучуларга жана ата-энелерге жөө жүргүнчүлөрдүн жолдо кетирген каталары тууралуу айтып беришти


 

Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын кызматкерлери Москва районунун ЖККБнын кызматкерлери менен биргеликте Москва районунун Биринчи май орто мектебтеринде  жана № 3-орто мектептеринин окуучуларына жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча үгүт-насаат иш-чарасын өткөрдү. Иш-чаранын негизги максаты жарык чагылдыруучу элементин сырткы кийимдерге колдонуусу жана окуучулардын жолдо өзүнүн коопсуз алып жүрүүсүнө багыталган. Кызматкерлер окуучуларга жана ата-энелерге жөө жүргүнчүлөрдүн жолдо кетирген каталары тууралуу айтып беришти.

 Иш-чаранын жыйынтыгында окуучулар ата-энелери менен биргеликте жол кыймылынын эрежелери боюнча видео роликтерди көрүштү.

  Мындай иш-чара республиканын бардык аймактарында өткөрүлмөкчү.