Ош-Исфана эл аралык маанидеги автожолунда жол белгилери орнотулду.


2019-жылдын 31-январь күнү Ош-Исфана эл аралык маанидеги автожолунун 39- чакырымында тактап айтканда  Ноокат шаарынын борборунда жайгашкан айлампа жолго жол белгилери орнотулду. Орнотулган жол белгилеринин максаты мурун айлампага оң жактан келген автоунаалар артыкчылыкка ээ болуп келсе, эми айлампанын ичине кирген автоунаалар артыкчылык жолго ээ болуп,жолдун оң тарабынан келген автоунааналар айлампа менен келген автоунааларга жол беришет.

Мындай жол белгилерин орнотуу менен автоунаа тыгындарын жоюу максатында орнотулду. Андан сырткары Ош ОИИБы боюнча ЖКККБнын жана Ноокат РИИБи  боюнча ЖККК бөлүмчөлөрүнүн  кызматкерлер Ноокат шаарындагы Кыргызстандын ар кайсы аймагына жүргүнчүлөрүн ташыган айдоочулар менен автобекетте Бузуулар жөнүндө Кодекси боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, айдоочулар тарабынан берилген суроолорго жооп беришти.