Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун ЖКККБнын кызматкерлери уурдалган автоунаа табышты

    2019-жылдын 22-январдан 23-январга караган түнү  Жалал-Абад шаарынын тургуну Ж.Ж таандык Daewoo Tico үлгүсүндөгү, ак түстөгү авто унаа уурдалган.

      Автоунаанын ээсинин арызынын негизинде иликтөө  иштери башталган.

    Ыкчам-издөө иш-чарасынын натыйжасында, автоунаа   Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун ЖКККБнын издөө бөлүмүнүн тескөөчүсү милициянын лейтенанты М.Өскөнбаев тарабынан Кара-Булак айлында сарайдан табылган.

     Кылмышкерлер унаанын тетиктерин чече баштаган. Автоунааны уурдагандарга издөө жарыяланган.