Ыссык-Көл облусу боюнча ЖКККБнын кызматкерлери тарабынан уурдалган автоунаа кармалган. Уурдагандын бироосу, 16 жаштагы Каракол шаарынын тургуну мурда соттолгон

2019-жылдын 25-январында 39 жаштагы Э.К. Ыссык-Көл облусунун Каракол ШИИБне  арыз менен кайрылган. Ал арызында болжол менен танкы саат 07.00 дө белгисиз адамдар, Каракол шаарынын Кыдыр- Ата көчөсүнөн  «Хонда-Степвагон» маркасындагы автоунаасын айдап качкандыгын билдирген.

Бул маалымдоо Ыссык-Көл облусу боюнча  ЖКККБнын өздүк курамына  жеткирилип, посттор тургузулган.   ЖКККБнын кызматкерлери күбөлөрдү сурап, багыт боюнча видеокамераларды текшеришкен.

Ыкчам издөө иш-чарасынын натыйжасында  Ыссык-Көл облусу боюнча  ЖКККБнын башчысынын орун басары, милициянын капитаны  Жакыпов Эмил жана взводдун командири милициянын капитаны Айтбеков Азамат тарабынан изи сууй электе, болжол менен  саат 16.30 дар чамасында,  Ыссык-Көл районунун  Кара-Ой айылынан,  Бишкек шаарын көздөй бара жаткан «Хонда-Степвагон» уурдалган автоунаа токтотулуп,  Каракол шаарынын тургуну 16-жаштагы М.А жана Ж.Р.  кармалган.

Автоунаа жана кармалгандар Каракол ШИИИБне жеткирилген.

Кармалган Ж.Р. жаран мурда уурулук жана талап тоноочулук менен соттолгондугу такталды.

Каракол ШИИБде иликтөө иштери башталды.